Туулган жерим - Ноокатым!

Кошкон: 04:01:00 0 коммент.
Сүрөттө: Атамерек айылы. 21-август, 2016-жыл
⁠⁠⁠Санаамда турган ойду айтсам,
Салкын жел соккон тоо жактан.
Сагынтып турган ар дайым,
Сонун жер барбы Ноокаттан.  
Көп жерден көркү өктөм жер,
Кудайым көңүл бөлгөн жер.
Киндик кан аккан айылым,
Атамерек абдан көркөм жер.  
Мөлтүр суу тунук сайында,
Абасы салкын жайында.
Чоң күрөш болот ар жылы,
Сахаба деген багында.  
Ааламда арбын ар кыл жай,
Ансайын келет айтылбай.
Зам-замдай даамы билгенге,
Керемет жер бар Апшыр-Сай.  
Дыйкандын иши талаа ой,
Чарчатса жумуш санаа ой.
Чер жазаар жайлоо төрлөрү,
Ак-Тоо, Агарт, Карагой.  
Жемиши толгон базарда,
Түркүн даам даяр казанда.
Курсакты тойгоз тууганым,
Жегенге өтө арзан баа.  
Кучагын толот ооматка,
Курсагын тойот оокатка.
Кыдырып барсан Ош жакка,
Кызыгып баргын Ноокатка.  
Жергемди мактай баштасам,
Бүтө албайм аны санаттап.
Ушундай жерди жараткан,
Мактоого татыйт бир Аллах.  
Лаа илааха иллаллох,
Мухаммадуррасулаллох. 

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий