Аман-Эсен, эгиз ырчылар: «Ата-эне мээримин көрбөй чоңойдук»

Кошкон: 10:53:00 0 коммент.

Алтын балалык...

Балалык курагыбыз алыскы Токтогул районунун Сары-Камыш айылында өттү. Тоо койнунда чаң кечип, бутубуз кесилип кой кайтарган күндөрүбүз күнү бүгүнкүдөй көз алдыбызда турат. Ойлоп көрсөк ырчылыкка болгон шыгыбыз балалык кезде эле ойгонгон экен. Эртең менен кой менен кошо тоого чыгып, кечке кой кайтармай да. Анан эриккенде койлорду кол чаап жаткан элдердей элестетип, мал айдаган таякты болсо микрофондой кылып кармап алып тоону жаңырта алмак-салмак ырдай берээр элек.

Биз көрбөгөн мээримге балдарыбыз бөлөнсө экен

Турмушта өйдө-ылдый нерселер көп болот эмеспи. Ата-энемдин жылдызы келишпей экөө эки башка жолго түшүп, бизди үч айлык кезибизде таятам менен таянем багып алышыптыр. Ушул жашка келгенге чейин ошол кишилердин колунда өсүп, тарбиясын көрдүк. Тилекке каршы, ал кишилер биздин жакшылыгыбызды көрүп, келиндеринин колунан эми ысык чай ичебиз деп турган кезде, тагыраагы, 2006-жылы бул дүйнө менен коштошуп кете беришти. Экөөнүн көзү өткөндөн кийин ата-энебизди издеп шаарга келдик. Көрсө, бул жакта бизди  башка жашоо күтүп турган экен. Анан жүрөгүбүз жараланып, муңдуу ырларды жараттык. Калган бир туугандарыбыз болсо өзүмдүн апамдын колунда эле чоңоюшту. Кудайга шүгүр, учурда апам менен катташып турабыз. Ал эми атабыз менен катышыбыз жок. Жаман болсо да атабыз да, кайда болсо да аман болсун деп анын өмүрүн тилеп жүрөбүз. Биз ата-эне мээримин көрбөй чоңойдук. Өзүбүз ал жылуулукту сезбесек дагы балдарыбыз кайдыгер болуп калбасын деп, аларга жакшы ата болгонго аракет жасап жатабыз. Биз көрбөгөн нерсени балдарыбыз көрсүн, биз жетпеген нерселерге алар жетсин деп болгон аракетибиз менен тарбия берип келебиз.

Аман - Эсен деген ысым тарыхта калса экен дейбиз

2005-2006 -жылдан бери ырдап келе жатабыз. Ал эми чоң сахнага аттанып, чыгармачылыкка аралашып ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келе жатканыбызга быйыл үч жылдын жүзү болду. Эл оозуна алынып, атыбызды тааныта албаганыбыздын бирден бир себеби,  көпчүлүк убактыбызды айыл жеринде өткөндүгүбүзгө байланыштырабыз. Алгач чыгармачылыктын чыйыр жолуна аттанганда эгиздер тобу деп түзүп, анан баштасакпы дегенбиз. Бирок, ылайыктуу эгиздерди таппай койдук. Табылса дагы чыгармачылыкка кызыкпаган, же шыгы жок болуп калат. Анан акырында "Аман-Эсен" деп чыгууну туура көрдүк.

Ырчы болуу абдан кыйын экен

Ооба, бул чөйрөнүн казанында кайнап жатканыбызга көп жылдын жүзү болду. Өйдө-төмөндү көрүп, бир аз болсо дагы бышып, жетилип калдык. Бала кезде Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов өңдүү ырчылар теледен жаркылдап чыгып ырдап жатышса булардын жашоосу жыргал болсо керек деп ойлочу элек. Көрсө бул кесип ары түйшүктүү, ары татаал экен. Мунун баарын жон терибиз менен сезгенде гана билип отурабыз. «Кыбыраган кыр ашат» деп коёт эмеспи. Анын сыңары биз дагы акырындык менен алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз деген ишеничтемин. Негизи эле “дүң” деп чыга калып, эл оозуна алыныш абдан кыйын экен. Биринчиден демөөрчүбүз, экинчиден продюсер же менеджерибиз жок. Төбөсү көрүнүп калган продюсерлердин бир-экөөнө барсак азыр ырчы деген чачтан көп, акчаң болсо чыгасың деп кабыл албай койгон эле. Кудайдын буйруганы болот деп үмүт менен жашап келебиз.

Атабызды араң тапсак кайдыгер мамиле жасап койгон

Биздин репертуардагы ырлардын дээрлик баардыгынын сөзүн өзүбүз жазып, обонун дагы өзүбүз жаратабыз. Сөзү даяр болгон соң акындарга текшертип, андан соң ырдап чыгабыз. Дагы бир айта кете турган жагдай, жан дүйнөбүздү, басып өткөн жолубузду ыр аркылуу чагылдырып, баяндап берүүгө аракет кылабыз. Мисалы, “Ата-эне мээрими” деген ырыбыз 2005-жылы жарыкка чыккан.  Мында башыбыздан өткөн окуяны ырга салып ырдаган элек.  2006-жылы Сары-Камыштан Бишкекке келип ата-энебизди издеп таап, сүйүнүчүбүз койнубузга батпай турсак атабыз баласын көргөндөй эмес эле башка бирөөнү көргөнсүп мамиле жасап койгон. Ошонун негизинде кийинки муунга сабак болсун деген максатта ырдын клибин тарткан элек.  Буюрса жакында ушул ырдын экинчи бөлүгүн жараталы деп жатабыз.

Концерт берүү планыбызда бар

Учурда ырчылар аты чыгып, элге бир аз тааныла калса эле концерт уюштуруп жатышпайбы. Менин оюмча бул элди алдап акча тапкандык болуп калат. Кудай насип кылса 2-3 жылдан кийин жеке концерт берели деген тилектерибиз бар. Ага чейин дагы кыргыз элине талыкпай кызмат өтөп, жаштарды тарбияга чакырган ырларды жаздырып, элге аз да болсо эмгегибизди сиңирсекпи дейбиз.

Адам – атаандашуудан өсөт

Чыгармачылыкта бут тосуулар абдан көп болот экен.  Кээ бирөөлөр бар бетиңе күлүп сүйлөп, өзүң жокто башканы айткан. Бир четинен ушундай деле туурабы деп кетем. Себеби, кайра аларга каршы туруп, чыйраласың да. Анан дагы атаандашуудан адам өсөт эмеспи. Ошол бут тосуп жаткан адамга кайра бет маңдай чыкпай, аны менен атаандашып иш кылуу биздин мүнөзүбүз десем туура болот го.

Келечекте…

Буюрса чыгармачылыгыбызды бир калыпка салып, концерт берип алсак эгиздер тууралуу кинокомедия тартсакпы деп жатабыз. Себеби, эгиздерди көргөн кандай гана киши болбосун артка бурулуп карашат эмеспи.


admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий