Мигранттардын эсине!

Кошкон: 08:12:00 0 коммент.

Фаршивка эмес фальшивый;
Гарента эмес гарантия деп айтылат жана жазылат.

Суроо: "Трудовой договор бересиңерби? Трудовой кайдан алсам болот? Биздин жумуштан бербейт"
Жооп: 
Трудовой договор - кыргызча которгондо эмгек келишими. Эмгек келишимин сиз жумушка орношкондо жумуш берүүчү тарап берет. Башкача айтканда , ошол келишимдин негизинде сиз иштейсиз жана кокус айлыгынызды бербесе, ошол келишимдин негизинде доолаганга мүмкүнчүлүк берет.
Аны документ жасаган ортомчулдар бербейт. 
Болгону кыргызстандыктар Бажы биримдигине киргенине байланыштуу, 3 айлык регистрацияны эмгек келишимдин негизинде узартса болот деген токтомдун негизинде баарыбызга белгилүү болгондой юридикалык адреске регистрацияны коюп жатканда ортомчу фирмалар " Менин фирмамда иштейт" деп өздөрү эмгек келишимин кошуп, узартканга беришет.
Ошол эмгек келишимдин негизинде регистрациялар узартылат.
Ал эмгек келишимди кардарларга бергенге алар карыз эмес.

Суроо: "Энененди кайдан алса болот?"
Жооп: эненен эмес, ИНН.
ИННдин чечилиши- Идентификационный Номер Налогоплательщика. Башкача айтканда, кыскартылганда- ИНН.
Ал эмне үчүн керек?
Сиз официалдуу иштесеңиз, сиздин салыктарыңызды төлөө үчүн.
Аны кайдан алса болот?
1. Сиздин регистрациядагы дарегиңиз, мисалы ул. Мурановская д.5 деп жазылса,интернеттен гуглдан минтип сурайсыз : " Мурановская д.5 к какому ИФНС относится?". Анан Гугл жооп берет кайсы ИФНС экенин.
ИФНС № 15 деп жооп берсе, кайра сурайсыз гуглдан: " Адрес ИФНС №15" деп.
Ошол адреске бул документтерди көтөрүп алып барасыз:
- паспорт, мигр.карта, регистрациянын копиялары;
- перевод паспорта
Ал ИФНСке барып, анкета толтуруп, ушул документтерди тапшырасыз.
Кабыл алган инспектор кээде тырыңдап албай коет. Эмне себептен албайт?
" Сен жашаган адресте квартиранын номери жок экен ( юрадреске коюлганын көрүп туруп ушинтип сүйлөй берет). Башка регистрация алып кел"- деп узатып коюшу мүмкүн.

Андай учурда эмне кылыш керек?
ИННди алуунун 2-жолу бар.

2. Ортомчул фирмалардын кызматы менен колдонуу.

Кандай документ керек?
- паспорттун копиясы
Баасы 1000 рублдан 1500 рублга чейин ар кимде ар кандай. Даярдоо мөөнөтү - 2-3 күн.
❔Суроо: " ДМСти кайдан алса болот? Тазабы? Полиция текшергенде фальшивый болбойбу?"

Жооп:
" ДМС - добровольное медицинское страхование деп чечилет. Бирок Россияда бул СӨЗСҮЗ керектелүүчү документ болуп калды жакын арадан баштап.
Аны кайдан алса болот?
"Евросеть", "Связной" деген сыяктуу тармактардан алса болот.
☝Бирок сатып алаарда полиция үчүн эмес, өзүңүз колдоно тургандай болгондой шарттарын окуп алсаңыздар туура болот.
Кокустап ооруп калсаңыз, ошол полис менен дарылана тургандай болушуңар керек.

⤵Кеңеш :
ДМС для СНГ баракчасында 3-4 компаниянын ДМСтеринин шарттары менен таанышып, АКЫСЫЗ жеткирүү кызматы менен колдонуңуз. Ал жакта жакшы сизге ыңгайлуу шарттар каралган. Пайдасынан башка, зыяны жок.
↘Кошумча кеңеш:
Полиция токтоткондо, алаңдабай өзүңүзгө бекем ишенип жооп бергиле. Коркпогула!
Кошумча жаныңарда ушул документтерди ала жүрсөңөр жакшы болот:

  1. 1) Паспорт, мигр.карта, регистрация, ДМС ( булар СӨЗСҮЗ болуусу зарыл)
  2. 2) СНИЛС 
  3. 3) ИНН

3-4 пункт сөзсүз эмес, бирок башты оорутканда, мына ушундай документтерим да жанымда бар. Мыйзамды бузбай, так жүрөмүе деп айтсаңыз, эртерээк сизди кое бергенге жакшы шарт.

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий