НООКАТТЫКТАР КӨЗҮ АЗИЗ АЙЫЛДАШЫНА ҮЙ КУРУП БЕРИШТИ

Кошкон: 03:21:00 0 коммент.

Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Борко айылынын тургунуна айылдаштары 4 бөлмөлүү үй куруп беришти. Кирпичтен курулган үйгө 1 млн 200 миң сом сарпталган.

Көзү азиз Ашим Маматов үйү жок болгондуктан аймактагы бош үйлөргө көчүп-конуп  жашап жүргөн. Анын бир туугандары жана балдары жок. Учурда жубайы менен жашайт.

Үй куруу иштерине жеке ишкер Тариел Каримов жана Жогорку Кеңештин депутаты, айыл өкмөт жардам көрсөттү.

Учурда айыл өкмөттүн бюджетинен берилген 80 миң сомго электр мамыларын, эшик-терезелерин орнотуп, электр чубалгыларын тартуу жана үйдү пайдаланууга берүүгө даярдоо иштери аткарылып жатат.

Бала кезинен көрүүсүнөн жабыркаган Ашим Маматов каражат таап, үй курууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Андан улам үй куруу демилгесин айылдыктар кеңешип, толугу менен колдоого алышкан.

Булак: https://nookatym.blogspot.com/2016/08/12.html

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий