🌺Үмүт кылсаң сен бирөөнүн байлыгын,
Үйүлгөнү жүрөгүңө кайгы- муң.
🌺Сурап алып минген атың кооптуу,
Жөө басканың пайдалуу да сооптуу.
🌺Чык- чык эткен саат үнү береги,
Чык эртерээк бул дүйнөдөн дегени.
🌺Бейишке үй салам десең асылым,
Бир жетимди сылап койгун акырын.
🌺Өскөн чөптүн бар тγрγ эле гүл эмес,
Өпкөн көздүн ар бири эле сүйүү эмес.
🌺Бир да китеп окубаган, эмнедей,
Бетин жуубай өтүп кеткен пендедей.
🌺Жашоо жармын уйку төшөк жүгөндөйт,
Жалкоо жандын күндө эртеңи түгөнбөйт.
🌺Иште, оку чарчабастан жашыңда,
Ийгиликтин сабыр турат башында.
🌺Түрүүлүгүң татыбастыр күкүмгө,
Түгөнбөсө жай намаздын үстүндө.
🌺Башың бийик болгон менен атактуу,
Барган сайын арты улам азаптуу.
🌺Кызык күндө келген мейман мактаган,
Кыйын күндө жанга айланат таппаган.
🌺Элге арналып турган менен бүт демим,
Эгер Кудай жактырбаса бүткөнүм.
🌺Кээ бир көңүл салган өңдүү кейишке,
Кээ бир көңүл алып кирет бейишке.
🌺Заалымдарды заккум дарак тойгузат,
Зарлайт алар: "аттиң болбой топурак"
🌺Бул тикенди басып турган тамандар,
Булбул конгон бакчаларда кадамдар.
🌺Улуу жолдо өттү нечен кеменгер,
Улуу адамда улут болбойт дегендер.
🌺Бороон- чапкын сереп салып өткөнгө,
Боорум ооруйт жаш төкпөгөн көздөргө.
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР.
0 коммент.:
Отправить комментарий