Сузак районунда көчкү жүрүп, 14 жашар баланы басып калды

Кошкон: 11:41:00 0 коммент.





Бүгүн түштөн кийин Сузак районундагы катары менен эки жер көчкү катталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечке жуук эки жер көчкү катталды. Саат 18.00дөр чамасында райондун Башы участкасында болжол менен 1 миллион 600 миң куб метр жер көчкүсү түшүп, алты турак жайды жана 14 жашар баланы басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча балдардын бирөө качып чыгууга үлгүрсө, бирөө жетишпей калган. ӨКМден маалымдашкандай жарым саат мурун 17:30 чамасында Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жайлоосунда 100 миң кубметр жер көчкү түшүп, 1 убактылуу жашоочу үйдү басып калган. Издөө иштери жүрүп, ага төрт куткаруучу, ӨКМдин куткаруу отрядынан 22 куткаруучу чыгып кетти. Министри Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштерине жетекчилик кылып жүрөт.Белгилей кетсек, буга чейин да Жалал-Абад облусунун аймагында бир нече жолу жер көчүп, сел жүргөн.

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий