Айганыштын тагдыры кыргыздын келечегиби?

Кошкон: 11:07:00 0 коммент.

Биздин коом ушунчалык саясатташып, куру популизм орноп калганын ушундан бил - баарынын кеп кылганы өкмөт башчы, жаңы төрага, же ушак териштирмей.

Журналист тааныштарыма “Азаттык+” тарткан Айганыштын окуясын көрүп, аябай кейигенимди, ыйлап-кыйналганымды айтсам, "биз мындай эле кабыл алдык, көнүп калдык го, сыягы" дешти. Ойлонуп калдым. Чын эле жүрөк үшүткөн, денени дүркүрөткөн окуялар көнүмүш болуп, кадимкиге айланып баратат окшойт. Болбосо, төраганы талкуулагандай Айганыштын окуясы талкууга алынып, "белгилүүлөр" кайрылуу жасап, кадимкидей социалдык тармактарга бөлүшмөк да. (Же бул анчалык лайк топтой албайбы?..)

Чын эле Кыргызстандын абалын эмнегедир Айганышка салыштырып кеттим... Экөө тең жаш, көргөн кыйынчылыктары окшош. Айырмасы бирөө тирүү... Же жөн гана “тирүү”.

Айганыштын жашоосу жашынан жетишпестик, батирге көчүү анан эле атасынан зордук көрүп, окууну таштап, кредит төлөө үчүн Орусияга кетип, ал жактан өлүм менен аяктап атпайбы. Миллиарддаган карызы бар, жемкор бийликтүү Кыргызстандын көйгөйлөрүнүн ушундан айырмасы барбы?

Видео көзөмөлгө түшүп калган Айганыштын жалгыз чуркап баратканын көрүп, "байкуш кыз бара жаткан багытын билер бекен.. эмнеге чуркады.. эмнелерди ойлонуп бара жатты.. сүттү эмнеге уурдады экен.." деп өзүмө далай суроо бердим. Суукта жалгыз бараткан аны кучактагым келди...

Бирөөлөр сабакты начар окуган, түнт, тамак уурдап жеген кыз тура деп ойлошу мүмкүн. Жарытылуу тамак жебеген, атасынын "зордукчул" мамилесинен запкы көргөн баланын чытырап ийгиликке жетиши мүмкүнбү?.. Кардыбыз ток, модалуу кийинген биз ошону аңдайбызбы?

Жашынан жетинбесе, тамак уурдап жеши да мүмкүн. Андай жорук 1990-2000-жылдардагы биздин балалыкта да болгон. Нан тартыш кезде ченеп бергенге тойбой, уурдап жечүбүз. Ал адатыбыз кийин эле калды.

Кыргызстанда аялдарга, өзгөчө балдарга мамиле эч өзгөрүүсүз. Бейөкмөт уюмдар гана чыйпылыктабаса, мамлекет тыптынч. Айганыштын окуясына үч айдан бери эмнеге акыйкатчы үн каткан жок? Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр, билим берүү министри, социалдык коргоо министри сыяктанган толгон-токой чиновниктерчи?..

Жакында эле Прагадагы "Бир дүйнө" адам укугуна арналган даректүү тасмалардын фестивалында болдум. Оогандык 15 жаштагы Сонита Ализаде тууралуу тартылган ирандык режиссердун киносу өзгөчө таасирлентти. Фильм аяктаганда зал толо киши көз жашын тыялбай, тура калып кол чабышты. Бир маалда баш каарман Сонита залга кирип келгендегисин сөз менен айтуу кыйын...

Баарыбыз жабыла курчап калдык. Суктандык!

Эмнеге гераттык кенедей кызды кеп кылып жатам. Анткени дал ошол бармактай кыз Ооганстандын чыныгы жүзүн, аялдарга мамилесин ачып көрсөтүп, ошондой тозокко каршы күрөшүүгө белсенген.

Сонита деле 13 жашында турмушка чыкмак, бирок ал баарына каршы турду. Азыр Америкада музыкалык билим алууда. Бирок батыштын жыргал жашоосуна магдырап, өз мекениндеги жашоону унуткан жок. Социалдык тармакта, жер-жерлерде ооган аялдардын эрте турмушка чыгуусун, зомбулукту ашкерелеп, ага каршы турууга үндөп келет. Биздин Айганыштын окуясы да балдарга карата зордук-зомбулук менен күрөшүүдө чакырык болсочу!

Атасынын айбандай окуясынан соң Айганышка психологиялык жардам көрсөтүлүп, мектептен калбаса, балким мындай болбойт беле? Бирок жардам көрсөтүү энесинин эсине түк келбесе керек?

"Балдар-биздин келечек" деп саясатчы-чиновниктер жалындап, шайлоо алдында кабаттап убада беришет. Балдар биздин келечек, антебиз-минтебиз дешет. Шайлоодон кийин анын бири жок.

Акыр түбү биздин келечек миграция агымында чоңойгон кароосуз муунбу? Же саясатташкан, жалындуу сүйлөп, патриот көрүнгөн муунбу? Же ашынган динчилдерби? Кайсы келечек жөнүндө айтасыңар? Кыргызстандын келечеги барбы? Же ал да Айганыштын тагдырына окшошпу?

Самара Сагынбаева

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий