ЭШЕК

Кошкон: 13:19:00 0 коммент.

Жогорку окуу жайдын ашканасында тамак ичип отурган мугалимдин маңдайындагы бош орунга студент келип отурат. Өзүн ашкере акылдуу сезип студенттерди теңине албаган мугалим жаңы эле отурган студентти жактырбай карап:
- Эй, жигит! Сен кайсы жерге отуруп алдың? Чочко менен булбул бирге тамактанбайт,- деди мазактап. Агайын күлө караган студент:
- Жарайт, агай! Анда мен учтум,- деп тамактарын көтөрүп башка орунду көздөй кетип калат. Сөздөн жеңилип сына түшкөн мугалим студентине жини келип: "Шашпа, балакай! Сынак мезгили жакын калды. Жыландай сойлотпосом",- деп ичинен күбүрөнүп алды...
Ошентип сынак учуру да келди. Бирок алиги студент жакшы окугандыктан сынактагы бардык суроолорго илгертпей жооп берип "беш" деген баа алат. Бирок өзөктөгү өчү өрттөнгөн мугалим жаман баа коюу үчүн шылтоо таба албай судентти токтотот да:
- Кана айтчы! Эгер сага бир акыл менен бир кап алтын сунуш кылышса кайсынысын алат элең?,- деди тирмийип. Студент эч ойлонбостон:
- Агай, албетте алтынды алам да,- деди ишеничтүү. Мугалим анын жообун жактырбай орундукка чирене отурду да:
- А мен болсо акылды алат болчумун,- деди шылдыңдап. Студент анын жообуна улап:
- Албетте агай! Ар ким өзүндө жок нерсесин алат да,- деди жылмайып. Дагы бир ирет сөзүнөн жыгылган мугалим ачууланып студенттин "Сынак китепчесин" ачып туруп баа койчу жерине "ЭШЕК" деп жазды да колуна берди. Чоң иш жасагансып акыры сөзгө сындырдым деп көңүлү жайланып отурганда эшиктен студент шашып кирип келди да:
- Агай! Сиз өз колуңузду коюптурсуз да БАА койгонду унутуп коюптурсуз,- деди күлүп. ))


МОРАЛ: Көп адамдар өздөрү эшектей болуп турса да башка адамдан эшектин кулагын издешет..
А. С

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий