«ГОИН», «ТААТАН», «ЖУНХАЙ» деген кытайча аталыштар эмнени билдирет?

Кошкон: 19:13:00 0 коммент.
Кыргызстанда Адилет министрлигинде күнүнө жок дегенде, бир кытай ишканасы каттоодон өтөт. Учурда алардын саны эки миңге чукулдап калыптыр. Ушул калыбынан жазбаса, беш жылдан кийин кытайлардын ишканалары үч жарым миңди чапчыры бышык. Министрлик чет элдик ишканалардын аталыштарынын маанисине көңүл бурбайт, болгону алардын кыргыз алфавитинде жазылышын гана талап кылат. Анткен менен, аталыштар кандайдыр бир маани-маңызды, ал тургай, идеологияны да өзүнө камтышы мүмкүн. Биз ошол миңдеп саналган кытай ишканаларынын аттарынын маанилерине кызыгып көрдүк. Аларды кыргызчалатууга Кытайда окуп келген Адыл Муратов аттуу жараныбыз жардам берди.
«ГОИН», «ТААТАН», «ЖУНХАЙ» деген кытайча аталыштар эмнени билдирет?
Негизи, жерге, сууга, жаңы баштаган ишканага, уюмга же партияга ат илгери максат менен коюлат. Анын сыңарындай, кытай ишканаларынын атталыштары да кандайдыр бир мүдөөнү маңызына камтышы мүмкүн. 
  Алгач Бишкектеги курулуш материалдарын, үй эмеректеринен баштап, турмуш тиричиликке  керектүү майда-барат буюмдарды сатып, соода жүргүзгөн «Таатан» аттуу ири соода  борборунун  атына токтололу. «Таатан» кытай тилинен кыргызчага оодарганда, «Таа-улуу»,  «Тан-империя,  кытай» дегенди түшүндүрөт экен. Тарыхтан белгилүү болгондой, Тан  империясы Улуу Азияга чейин кулачын кенен жайган эбегейсиз зор өлкө болгон. Демек, Таатан кытай элинин улуулугун, эбегейсиздигин билдирген «Улуу империя» деген маанини өзүнө камтыйт.
Бишкек шаарындагы "Таатан" соода борбору.
  Эми борбор калаанын так ортосунда жайгашкан «Гоин» дүкөнүнүн атын карап көрөлү. Шаардыктардан «гоиндин» маанисин сураштырганыбызда, бул сөз англис тилиндеги «ичине кир» дегенди түшүндүрөт го» деп жооп беришти. Бирок бул дүкөндүн аты англис тилиндеги эмес, кытайдын эле төл сөзү. Аны кыргызчага которсок «го-өлкө», «ин-баатыр» деп которулат. Ошондо, «Гоин» «баатырлардын өлкөсү» дегенди туюнтуп калат экен.   
Борбор калаанын так ортосунда жайгашкан Гоин дүкөнү.
Борбор Азиядагы эң ири соода жүргүзгөн айтылуу «Дордойдогу» «Жунхай» базарын ким билбейт. Анын атын кыргызчага оодарсак, «жунхай» - бул «кытай деңизи» же «кытай борбору» деген маанини берет. Дегеле, Кытай өлкөсү деген сөз кытайча « Жунго» деп айтылат эмеспи. Андай болсо, «Жун-кытай», ал эми «хай» «борбор» же «деңиз» дегенди түшүндүрөт. Ошентип, Борбор Азиянын эң ири соода базары «Дордойдогу» «Жунхай» - кытай борбору тура. 
Борбор Азиядагы эң ири соода жүргүзүлгөн Дордойдогу Жунхай базары.
 Котормочу Муратов кытай эли кайда жүрбөсүн, тилин, дилин, басып өткөн тарыхын унутта калтырбайт дейт. Ал тургай, барган жерин да кытайлаштырып, өз жериндегидей атмосфера түзүп алышат.
- Кыргызстанда кытай ишканалардын аттары жакшы максатта эле коюлгандыр, бирок алардын айрымдары Кыргызстанды өздөрүнүн жериндей ээлегендей ой калтырат экен.
Мыйзамда Кыргызстанда ачылган ишкананын аты кайсы тилде болсо болсун, бирок кыргыз арибинде жазылышы керек деп гана көрсөтүлгөн. Болгону мыйзам боюнча, ат адепсиз сөз менен аталбашы абзел жана анда кандайдыр бир диний үстөмдүктү көрсөткөн сөз болбошу талабы коюлган. Бул тууралуу адилет министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы Кубан Казаков айтты.
 
Чындыгында, ал ишканалардын кыргызча маанисине кызыгып көрбөптүрбүз. Биз мыйзамда жазылган эреженин негизинде гана тартиптерди талап кыла алабыз. Мисалы, ар бир жаран балдарына өздөрү каалаган ысымды коет. Аны биз «эмнеге антип койдуң» деп жоопко тарта албайбыз. Ошондой эле уюштуруучу да жүргүзгөн ишканасына каалаган атты кое алат.
Жогорку Кеңештин депутатты Акылбек Жапаров 2010-жылы идентификация жана инвентариза́ция маселесин көтөрүп чыккан. Аны эл «койлорго паспорт берүү» деп түшүнүп, нааразы да болгон. Жапаров өлкөнүн жалпы калкынын санын кирген-чыккандары менен кошо тактоого да аракеттенген. Андай болгон шартта, келген жана кеткен конокторду мамлекет байкап турмак. Жапаров кыргыздын салты боюнча, конок койдон жоош деп айтылат, андыктан мыйзамга баш ийбей, өздөрүнүн оюн киргизген коноктор Кыргызстанга кереги жок деп эсептейт.
- Алар үчүн Алла-таала Кытайды чоң кылып түзүп берген. Бизге кыргыз жерин буйруган соң, түпкү өзүбүздүн саясатыбызды оңдобосок болбойт. Алгачкы президентибиз «Кыргызстан-наш общий дом» деп коюп, жамандын коногу бийлейт болуп кетти. Чет элдиктердин ишканасынын аталыштарына мыйзамда мүчүлүштүктөр болгондуктан, каалагандай коюлуп жатат. Жакын арада «Бир-Бол» фракциясы ишканалардын аталыштары боюнча мыйзамды иштеп чыгып, сунуштайбыз. 
Биз өлкөнүн борбор калаасында иштеп жаткан кытай ишканаларынынын айрымдарынын гана аттарынын маанисине саресеп салып көрдүк. Ушул сөзгө алынган аттардын тегерегинде жыйынтык чыгара турган болсок, кытай ишканалары «өлкө, мамлекет, баатыр, борбор, деңиз, кытай деңизи» деген бийик пафостуу (дымактуу) маанилерге ээ экен.
 
Аталыш аталыш менен, бирок идеология ушундай майда-барат нерселерден бүчүр алып, кулачын жаяры белгилүү.
Ушундай жагдайлардын алдын алып, Кыргызстан башка өлкөлөрдүн ишканалары менен кызматташууда улуттук кызыкчылыктарын так аныктап, бекемдеп алса, жакшы болмок. Антпесе, кытай ишканаларынан тышкары, түрк, англис ж.б. тилдерден алынган аталыштар борбор калаанын көчөлөрүн каптап, дагы 5-10 жылдан кийин Бишкектен кыргызча аталыштагы ишкананы сейрек учуратып калышыбыз толук ыктымал. Бул кыргыз тилине гана кедергисин тийгизбей, өлкөнүн улуттук идеологиясына да доо кетире турган оор жагдайды жаратышы мүмкүн.
http://maralfm.kg/ 

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий