БУЛ ОКУЯ СЕН ЖӨНҮНДӨ (2)

Кошкон: 08:36:00 0 коммент.

Бир замандар өлкөнү адилет башкарган хан жашаган экен. Ал хандын төрт аялы болуптур. 4. Хан төртүнчү аялын баарысынан көбүрөөк сүйгөн. Ага чырайлуу, кооз кийимдерди кийгизип, кымбат баалуу жасалгалар менен кооздойт эле. Ага кам көрүп, алпештеп эркелкетип турат эле. 3. Хан үчүнчү аялынын да катуу сүйгөн. Аны менен сыймыктанып, кайсы бир ыңгайлуу учур табылаар замат досторуна көргөзгөнгө аракет кылат эле. Бирок качандыр бир убакта ал аны таштап башкага кетип калышы мүмкүн деп коркуп жүрчү. Аны башкалардан көбүрөөк кызганчу. 2. Хан экинчи аялын да өзгөчө сүйө турган. Ар кандай учурда сабырдуу болуп, башына мүшкүл түшкөндө, ошол аялынан кеңеш сурачу экен. Аялынын айткан насааты ханды дайыма алга сүрөп турчу экен. 1. Ал эми хан биринчи аялы ханды өзгөчө сүйө турган, ар дайым жанында боуп, хандын ден-соолугуна, бийлик жүргүзүү иштерине жакындан жардам берчү. Бирок, хан ал аялы менен иши да жок, кызыкчу эмес. Күндөрдүн бир күнүндө хан айыкпас дартка чалдыгат. Өлөөрүнө көзү жеткен хан өлгөн соң жалгыз болуудан коркот. Аялдарынын кайсынысы өзү менен чогуу кеткенге даяр экенин билүү максатында аларды чакырып, өз оюн ортого салат. 4. Хан өзүнүн 4-ү аялына айтты: «Мен сени баарынан көбүрөөк сүйөм, баардык кооз кийимдерди кийгизип, алпештеп эркелетет элем. Мен тиги жашоомдо жалгыз калбашым үчүн мени менен бирге каласыңбы?». «Эч качан калбайм!»-деп, андан башка бир да сөз сүйлөбөстөн кетип калды. Жооп хандын жүрөгүнө курч канжар сыяктуу кадалды. 3. Капа болгон хан 3-ү аялына кайрылып айтты: «Мен сени өмүр бою сүйүп, сага камкордук кылдым. Өлүм сааты келгенде мени менен бирге барасыңбы?». «Жок»-деп жооп кайтарды үчүнчү аялы. «Жашоо ушунчалык жыргал. Мага капа болбо, сен өлөөрүң менен башкага турмушка чыгып кетем». Бул сөздөрдөн кийин хандын жүрөгү муздап онтоп жиберди. 2. Андан кийин хан 2-аялына айты: «Мен дайыма кыйынчылык убакта сага кайрылсам көмөк көрсөтөөр элең, азыржардам бере аласыңбы, мени таштап кетпейсиңби?». «Өкүнүчкө карай, бул жолу сага жардам бере албаймын. Менин эң чоң сага кылган көмөгүм, сени мүрзөгө чейин узатып, үрп-адат боюнча көмүү. Сен үчүн мындан ашыгын жасай албайм». Жооп ханды чагылган ургандай эле кылып, делдиреп туруп калды. 1. Ошондо хан биринчи аялына үмүт менен карап, ый менен нымдалган көзүн жалтылдатып турду. Хандын биринчи аялы: «Мен сени менен бирге барам, сен кайсы жака барсаң да мен бирге барам. Мен сени эч качан жалгыз калтырбайм». Хан башын көтөрүп биринчи аялын көрдү. Ал аялы туура өз убагында жеткиликтүү жебегендиктен ушунчалык арык, денсоолугу да начар экен. Ошондо хан кайгы-капага баткан абалда: «Менин күч кубатым болуп турганда, сага көбүрөөк көңүл бурсам болмок. Мен туура эмес кылдым. Кечир мени. "Эээххх-Эээээххх" деп үшкүрүнүп, көзүнө жаш алат хан. Дагы бир жолу мүмкүнчүлүгүм болгондочу....»- деди. Чындыгында бул 4 нерсе салыштыруу иретинде айтылган биз ээлик кылган нерселер. Төртүнчү аял : «ДЕНЕ, КЕЛБЕТ жана СУЛУУЛУГУБУЗ» Кандай гана сулуу болуп, күчтүү болсо да, өлөөрүбүз менен бизден ажырап кетет. Үчүнчү аял: «БАЙЛЫК, МАЛ-МҮЛКҮБҮЗ, БИЙЛИГИБИЗ» Өлөөрүбүз менен дароо бизди таштап, башка бирөөнү табат. Экинчи аял: «ҮЙ-БҮЛӨ, ЖОРО-ЖОЛДОШ жана ДОС-ТУУГАНДАРЫБЫЗ» Баардык кыйын күндө чогуу болсо да, өлгөн соң аза күтөт, жаназага турат. Топурак салат. Бирок, сени менен кошо кете албайт. Биринчи аял: «РУХ, ЖАН-ДҮЙНӨ жана ЫЙМАНЫБЫЗ» Бул бизге көрүү мүмкүн болбогон нерсе. Ал напсинин азгырыктарынын, дүйнөнүн жыргалчылыктарынын жанында баркталбай калган. Ал чындыгында дайыма баардык жерде биз менен бирге болот. Өлүмдөн кийин дагы.
Даярдаган: Адилет Сыдыков

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий