ЧАГЫЛГАНДАН КАЛГАН КЕП

Кошкон: 09:00:00 0 коммент.
Кызуу кандуулук - сенден алекисаатта бир кемпайды жаратат!
БРЮС ЛИ

Ал өзүнүн 33 жылдык өмүрүн ак менен караны айра тааныганга арнады. Анын ар бир аракети, жарк-журк эткен чагылганды эске салат. Брюс - өтө кыска аралыкта эмнени айткысы келгенин өзүнүн бир нече тасмалары жана чыгыш кармаш өнөрүнө алып келген жаңычылдыгы аркылуу далилдеп, жалпы адамзатка катуулукту жумшактык, тайыздыкты тереңдик жеңээрин айтканга үлгүрө алды. . .

Анын жараткан ар бир каарманы ааламдан адилеттик издеп азап чеккен, калыстыгынан тайбай кара жанын карч урган баатырлардан. Бул, Брюстун кинолоруна таандык мүнөздөр. А турмушунда. . .
Турмушта да Брюс чындыкты көзгө сая көрсөтүп, эч нерседен кайра тартпаган өжөр адамдардан болгон. Ал билегим гана күчтүү болсун дебестен, билими күчтүү миңди жыгаарына терең ишенип, көкүрөгүн Чыгыш даанышмандарынын айткан насааттарына бөлөп, көрөңгөсүн бир нече миңдеген китептер менен байыткан. Мен бүгүн төмөндө анын өзүнө гана таандык акыл казынасынан жаралган асыл кептерине назарыңыздарды бургум келет. . .


* * *

Өмүрдү чындап сүйсөң – убакытты текке коротпо. Анткени, сенин өмүрүң жалаң убакыт деген нерседен жасалган.

* * *

Чыныгы керемет нерсе – жөнөкөйлүккө гана умтулат. Өнүгүп-өркүндөштүн туу чокусу деп жөнөкөйлүктү айтуу керек. Ал эми өркүндөө жолунун жарымына жеткениң, жасалма бойдон калганың деп түшүн!

* * *

Жөнөкөйлүккө- жетиш өтө кыйын. Демек, бардык нерсени жөн гана берип коюунун өзү да оңойго турбайт.

* * *

Кызуу кандуулук - сенден алекисаттта бир кемпайды жаратат.

* * *

Мен кармаштын толгон-токой ыкмалары бар экенине ишенбейм. Эгер адамдын үч колу жанаүч буту болгондо, анда, кармаштын түрдүү ыкмалары болмок. Тилекке каршы, бизде эки кол жана эки бут болгонуна байланыштуу, демек, мен ыкмалардын толгон-токой түрлөрү жок деп түшүнөм.

* * *

Эгер мен өзүм жөнүндө «мен жакшымын» деп айта турган болсом, демек, өзүн ашыра мактап жатат, жок, «мен начар адаммын» десем, анда силер мени жалган айтып жатат деген ойдо каласыңар.

* * *

Пайдалуу нерсени таап, пайдасыз нерсени оолак ыргыт. Анан сен анын ичинен өзүңө таандык гана нерсени кош.

* * *

Билим -жетишсиз, аны колдоно билүү зарыл. Каалоо да жетишсиз, ыкчам аракет кылуукерек.

* * *

Мен бир эле кармашта 10 000 түрдүү сокку жасаган адамдан коркпойм. Тескерисинче, биркармашта бир эле соккуну 10 000 жолу жасаган адамдан корком.

* * *

Өлбөстүктүн ачкычы - өмүрдү эсте калгыдай өткөргөндүктө.

* * *

Бир бөлмөгө улуу делген устаттарды олтургузсаң, алардын бардыгы тең бирдей пикирге келет. Ошол эле бөлмөгө үйрөнчүк шакирттерди камасаң, болоор-болбос нерсе үчүн талаш-тартыштар жаралат.

* * *

Тулку-бойсуз суудай бол. Качан сен чыныга суу куйган болсоң, суу идишке айланат, же сууну чайнекке куйсаң, суу чайнек түспөдөнөт. Суу - же агымды көздөй агат, же кандайдыр бир катуу затты талкалап жарып чыгат. Андыктан, сен да суудай бол, курбум!

* * *

Акыл-эс - сен олтургузган бакча сыңары, ага сен эмнени эгесиң, гүлбү же отоо чөппү, баары бир өсөт.

* * *

Мен айланама көз салганда, демек, мен бир нерсени үйрөнүп жатам деп түшүнөм. Бултурмушта ар бир адам өзү менен өзү гана болуусу керек. Ийгилик коштогон бир адамды көрүп алып, аны туурагандан сактан.

* * *

Адам өзүн өнүктүрөм десе, жаңы бир ачылышты ойлоп табуусу керек. Же болбосо, кандайдыр бир пайдалуу ишке аралашуусу кажет. Бул кай бирде кубаныч тартууласа, кай бирде сага өкүнүчтү тартуулайт.

* * *

Өзүн адаммын деп санаган ар бир жаран жасаган кыймыл-аракеттеринин ар биринде өтө чынчыл жана калыс болууга тийиш. Жана ар бир аткан таң менен баткан күндө өзүнүн сүйлөнгөн сөздөрүн, кимдир бирөөгө жасаган мамилесин таразалай билүү менен кимдир бирөөнү туурап, обу жоктонгонду өнөр көрбөшү кажет.

 Ойлорун оодарган Данияр ИСАНОВ

Уландысы

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий