ИП МАН

Кошкон: 09:04:00 0 коммент.
«Шакирт үчүн мыкты устатты табуу кыйынга турса, ал эми устат үчүн мыкты шакиртти издеп табуу – андан бетер кыйынчылыкты жаратат».
Ип Ман

Жашоодо жаңылбай кадам таштап, ак-караны айра тааныган миң-сандаган адамдар бар. Алардын арасында ички дүйнөсүнүн тунуктугу менен көр дүйнөнүн көйгөйүнөн өйдө турган Улуу инсандардын бири - Ип Ман болуп саналат. Ал, башына кандай азап түшсө да, бет келген тоскоолдуктарга мөгдүрөп баш ийип бербестен ички Духунун бекемдиги, акылынын тунуктугу менен башкалардан өзгөчөлөнө алган жаркын инсандардан болгон.

ВИН-ЧУНЬ
Төгөрөктүн төрт бурчуна дейре таанымал болгон кытай кармаш өнөрү кунг-фунун Вин-Чунь стили өзүнүн бир топ өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат. Вин-Чунь стилинин пайда болушу туурасында бир катар уламыштар айтылып келет. Түштүк Шаолинь бүгүнкү күндөргө чейин жеткен кадимки Шаолинь мектеби болуп саналбайт. Биз кеп кылып жаткан Түштүк Шаолинь Кытайдын экинчи бир тарабындагы Фуцзянь провинциясында жайгашкан ири монастырлардан болгон. XVII кылымдын орто чендеринде Кытай ичинде кан күйгөн алааматтар болуп, манжур баскынчылары Түштүк Шаолинь монастырын өрттөп жиберишет. Ажалдан жанын ала качкан монахтар туш келди качып жөнөшөт. Бир топ монахтардын арасында Вин аттуу монах айым калың чердүү токой ичин аралап жанын куткарып калат. Бир нече күн жөө-жалаңдап келген Вин айым саамга эс алайын деп калың бакка жөлөнүп олтурат. Токой ичиндеги түркүн куштардын сайраган мукам үндөрү көңүлүн көкөлөтүп, табияттын ажайып кооздугуна магдырайт.
Башына не деген ойлор келбеди. Өмүр жөнүндө толгонду. Өлүм жөнүндө ойго батты. Анан бу адам-пендеңдин алмустактан бери алкымынын айынан бири-бирин кырып-жоюп, жердин кенендигине да алымсынбаган пейилинин тардыгына таңыркады. Так ошол тушта турна менен жылан бет алдында пайда болуп, бири-бири менен жан аябай салгылашып жатты. Кудайга тобо, бу адам эле эмес айбан аттууңдун да алкымын жараткан ушинтип жасаганбы?! Тириликтин айынан тытынган эле жан деди. Турна менен жылан дале жекеме-жекеге чыгып согушуп атты. Дал ошол саамда Вин айымдын башына бир ой кылт этти. Турнанын өз жанын арачалайм деп тумшугу менен жыланга тынымсыз сокку жасаганы,кара мүртөз жыландын башы менен удаама-удаа ага каршы чабуул салганы бир кызык сезилди. Ошол эле жерден Вин буга чейинки кунг-фунун салттуу көрүнүштөрүнөн айырмаланган жаңы кармаш ыкмаларын киргизүүгө белсене киришти. Бир топ күндүк түйшөлүүдөн кийин кармаштын жаңы ыкмасы пайда болду. Бул өнөрдү айылдык Чунь аттуу кызга мураска калтырды.

ФОШАНЬ - ЖООКЕРДИК ӨНӨРДҮН БЕШИГИ
Кимде-ким Жер Энени ыйык тутуп табиятка астейдил мамиле жасаса, айланасындагы бардык жан-жаныбарларга, ар күнү бет келген адамдарга карата чын дитинен мээрим төгө тиктеп - тоодой тоскоолдуктарды багынта алса,анан да боюна кайратмандык менен талбаган эмгекчилдикти сиңире алса, демек, ал Улуу инсанга айлана алат. Адамдын толук кандуу адам бойдон сакталышы да ушунда жатат. Чыгыш кармаш өнөрүнүн дасыккан мыкты чеберлерининбири Ип Ман - ар качан адамдыгы аруулуктарга умтула билген, материалдык баалуулуктардан жан дүйнөнүн сулуулугун жогору кое кое билген инсандардан болгон.
Чыгыш кармаш өнөрүндөгү кунг-фунун Вин-Чунь стили боюнча атагы ааламга кеткен дасыккан чебер Ип Ман -1893-жылдын 14-октябрында Кытайдын Гуандун провинциясындагы Фошань калаасында жарыкка келген. Ата-теги ак сөөктөрдөн болгон Ип Ман бай үй-бүлөдөгү эң кенже баласы болгондугуна карабастан, өзүнө ашып-ташкан байлыкты энчилеп кала алган эмес. Бала чагында Кытайдын улуттук каадалары боюнча терең билим алуу менен поэзиянын кереметине арбалып чоңойгон. Фошань шаары Кытай ичинде өндүрүшү гана менен таанылбастан, кунг-фу өнөрү менен да даңазалган. Фукьен провинциясындагы Шаолинь монастрынын өрттөлүшү менен куугунтукка дуушар болгон жүздөгөн монахтар Фошанга кире качышкан. Мына ошол себептен Фошанда күн кечиришкен кунг-фунунмыкты чеберлери, монахтар Шаолинь багытындагы кунг-фу менен бир канчалаган адамдарды үйрөтө баштанкан эле.
Ип Мандын атасы Фошан шаарында көпчүлүккө даңкы тараган адам болгондуктан Фук Ян – кытай тилинен которгондо “бакыт менен илим” аталган көчөсүнүн так ортосунда аянты кеңири үйдө жашашкан. Үйүнүн так бет маңдайында ата-бабасынан мураска калып келе жаткан храм бар болчу. Бул храмда Чан Ва Сун аттуу кунг-фунун чебер устаты жашап, аз сандагы тандалма балдарга гана Вин-Чунь стилин үйрөтүү менен алектенчү.

ЗЭЭНДҮҮ ШАКИРТ
Жашы тогузга караган Ип Ман бош убактыларын каллиграфияга арнагандан тышкары поэмаларды жазып, көптөгөн адабияттарды окуйт. Үйүнө жакын жайгашкан храм ичиндеги Чан Ва Сундун өзүнөн улуу балдарга эмнени үйрөтүп жаткандыгын астыртан байкап, ичинен аларга кошулуп өзү да Вин-Чун кармаш өнөрүн өздөштүрүүнү эңсейт. Чан Ва Сундун алдына келген тестиер Ип Ман кунг-фу менен машыгам деп айтканда карыган устат ага тамашага чалып: “машыгууну кааласаң, үч күмүш тыйын төлө!” – деген талапты коет. Муну уккан бала үйүнө сүйүнгөн бойдон чуркап жөнөйт. Арадан көп убакыт өтпөй Ип Ман устаты айткан үч күмүш тыйынды көтөрө келет. Чан Ва Сун акчаны кайдан алдың деп такып сурайт. Буга тестиер бала кунг-фу өнөрүн үйрөнүү үчүн акча төлөй тургандыгын тээ баштан эле билгендиктен бир топ жылдан бери атайын чогултуп жүргөндүгүн айтат. Балага анчалык ишене бербеген устат:
-         Эгер акчаңды кайра артка кайтарып алууну кааласаң, анда барып апаңды ээрчитип кел. Апаң мага акча чындап эле сага тийиштүү экенин тастыктасын! Балким, сен бул акчаларды кимдир-бирөөдөн уурдап алгандырсың? –дейт.
Ип Ман үйүнө чуркап келип апасын устатынын алдына алпарат. Баланын апасын көргөн Чан Ва Сун:
-         Мен балаңыз чындап эле акча чогултуп жүргөндүгүн билгем. Мен бар болгону кунг-фуну үйрөнүүнү каалаган балага апасы уруксат береби-жокпу, бар болгону ошону тактап алайын дегем. Балаңыз абдан зээндүү. Мен баланын биртоптон бери бизге кызыгып, байкоо салып келатканын билем! – дейт.
Мына ошол күндөн тарта даңазалуу устат Чан Ва Сундун кичинекей шакиртине айланган Ип Ман кара жанын карч уруп Вин-Чунду өздөштүрө баштады. Төрт жыл бою тынымсыз машыкты. Ата-бабаларынан келе жаткан салттуу кармаш өнөрүнүн али ачылалек сырларын аңдаганга аракет жасады. Анан, анан кайсы бир күнү өз өнөрүн толук улантып кете ала турган жароокер жана зирек шакирти Ип Манга али да болсо айрым элементтерин үйрөтүп үлгүрө албастыгын ичинен туйган устат жаны кейий Нгу Чунг Со аттуу мыкты шакиртин жанына чакырды да, оор улутунуп:
-         Ип Ман - абдан жакшы бала. Башка шакирттериме караганда өтө зээндүү. Вин-Чундун салтын карманып, мындан ары улантып кетээрине толуккөзүм жетет. Кандай гана өкүнүчтүү. Өмүр деген аткан октой тез учат. Эми мындан аркы билимди ага терең үйрөтө турган жалгыз өзүңсүң. Мындай чоң жоопкерчиликти сенин мойнуңа артам! – деди, эрдин кырча тиштей, оор онтоп.
Устатынын ажал менен арбашып атканын илгиртпей түшүнгөн Нгу Чунг Со канчалык жаны кейисе да, ай-асманды жара өкүрсө да өмүрдү токтотуп калуу адам баласынын колунан келбей тургандыгына түтпөй-сыздап, аргасыз устатынын айткан аманатын аткарууга бел байлады. Устатынын өмүр менен кош айтышканы Ип Мандын да жанына катуу батты. Анан белди бекем бууп, Вин-Чундун устатынан үйрөнө албай калган айрым базаларын экинчи устаты Нгу Чунг Содон алып калууну ойлоду. Эки жылдык талыкпаган машыгуудан соң Ип Ман Гонконг шаарына барып Ыйык Стефан колледжинен билим алды. Муну мененкатар устаты Чан Ва Сундун уулу Леонг Бак аттуу уулун издеп тапты. Гонконгдун Батыш тарабындагы эң ири жибек комбинатынын башчысы Леонг Бак алдына келген жаш шакирттин атасынан калган аманат катары экендигин, анан да адамда жок ак көңүл жана боорукерлигин туя билди да Вин-Чундун көптөгөн сырларын ачты.

КЫЧКАЧТАЙ БЕКЕМ МАНЖАЛАР
Илим-билимге ээ болгон Ип Ман кайрадан туулуп-өскөн Фошанга кайтып келип, Вин Син аттуу кызга үйлөнөт. Вин Син экөө эки уул, эки кыздуу болушат. Чыгыш күрөшүндө бир топ ийгиликтергежеткен Ип Ман ал мезгилдерде өз алдынча мектеп ачууну каалаган эмес. Бар болгону бир катар тууган-туушкандарына жана жакын курбуларына гана үйрөткөн. Мына дал ошол жылдар аралыгында Ип Мандын кармаш өнөрүнүн чебери экендигин эшиткен жергиликтүү башкармалык полиция кызматкерлигине жумушка алат. Арадан аз өтпөй полициянын капитаны наамына ээ болот. Полиция кызматкериболуп жүргөн учурунда эч качан кимдир-бирөөгө бой көтөрүп керсейгенди өнөр көрбөстөн жупуну кийинип, айланасындагыларга алпейим мамиле жасагандыгы менен элдин эсинде калган.
       Фошанда Юй Ю аттуу жаш жигит Ип Мандын карамагындагы полиция кызматкерлигине кабыл алынат. Бирок, буга дейре экөөбири-бирин таанышпагандыктан, бир кызыктай жагдайга бет келишет. Кууш көчөнү аралап бараткан Ип Ман полиция кызматкери Юй Юнун кимдир-бирөө менен жаман айтыпжаакташып атканын көрөт. Аларды арачалайм деп барган Ип Манга - Юй Ю каарданып тапанча көтөрүп чыгат да, бул ишке аралашпай кетип калуусун талап кылат. Ип Ман ортодо жаралган ыңгайсыз жагдайды жөнгө салууну көздөп сылык-сыпаа сөзгө өтөт. Аны уга турган түрү жок неме тапанчасын кезеп атууга аракет кылат. Мына дал ошол мүнөттө ат тиш сындуу темирдей бекем манжалар Юйдун колундагы куралга такалып, тапанчанын окчонтоюн бир манжасы менен ыргыта чертет. Юй - Ип Манга канчалык каршылык көрсөткөнгө далбас урганы менен алкымына кадалган кычкачтай манжалардан арылалбай, аргасыз чеберчилигине тан берет.


ТУРМУШТУН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ
Анык тозок - адам эмес чөпкө залал келтирбеген Ип Манга 1937-жылы келди. Буга дейре полициянын даражалуу кызматында туруп бакубат турмушта күн кечирген устат бардык байлыгынан колжууп, эми бала-чакасы менен жакыр турмушту кечире баштады. Жапония - Кытайга кол салды. Миңдеген адамдар өлүмгө учурады. Тынч жаткан жергесине көз арткан жапан баскынчылары жергиликтүү тургундарды кордоп, башына ар кандай балээлерди үйдү.
1945-жылы согуш аяктаган кезде кайрадан капитандык чини менен полициянын катарына өтөт. Бул мезгилде турмуштун айтып болгус азаптарына жедеп чыдаган сүйүктүү жубайы Вин Син ден соолугунан ажырап, оорукчал болуп калган эле. Акыры узакка созулган оорудан жубайынан айрылып, Кытайда коммунисттик бийлик орногон кезде эки уулун таштап, өзү Гонконгго жөнөйт. Гонконгго араң жеткен Ип Манды көргөн адамдар деңиз жээгинде көрүп, көчө селсаяктарына окшоштурушаар эле. Ошол турушта аны көргөн адамдар анын адамды айран-таң калтырган өтө күчтүү устат экендигин кайдан билишсин!?
Акыры жан сакташтын камын көрүп акыга шакирттерди алып, Вин-Чунду үйрөтө баштайт. 1954-жылы жалгыздык жанына баткан Ип Ман ресторанда иштеген бир аял менен таанышып калат. Экөө чогуу-чаран түтүн булата башташат. Бирок, бул аял менен ал бактылуу өмүр сүрө албай, азабынын үстүнө азап кошулат. Ал эми жан адам тааныбаган бейтааныш бир калаада Вин-Чун боюнча сабак өткөн устатты айрымдары кайдагы бир алжыган чал дегендей кыйшык көз менен карап өтүшчү эле.

* * *

 «Кунг-фу искусствосу менен төрт жылдык тынымсыз машыгуудан кийин гана каршылашыңдын күчүн кошо пайдаланып азганакайкүч жумшоонун, жумшактыктын принцибин акыл-эсимде аңдай баштадым. Бул кулакка жөнөкөй угулганы менен чыныгы турмушта ишке ашырыш оголе кыйын.
Вин-Чунь мектебинин кожоюну, менин устатым Ип Ман кайсы бир күнү мага жакын басып келип: «Лун, өзүңдү бошкой, аң-сезимиңди сергек кармап, жайына кой. Өзүңдү унут жана душманыңдын кыймылына жараша аракет кыл. Чыныгы  турмушта душманга каршы алдынала ойлонбостон каршы турууга акыл-эсиң даяр турсун. Эң алгач "тандабастык" маданиятын изилде!”  -  деди. Мага ушунун дал өзү жетпей жаткан!”.
БРЮС ЛИ

БИР ЧАКА СУУ
Гонконгдогу шакирттеринин бири Вильям Чеундун эскерүүсүнөн:
«Качан биз мамлекеттик үйгөкөчүп киргенибизде күнүмдүк сууга чектөө коюла баштады. 4 күндө бир жолу 4 сааттан гана сууну беришет. Ошонүчүн жан талашып 4 күнгө жете тургандай сууну мол камдап алганга жетишип калышыбыз керек. Айрыкча, мен тиричилик жумуштары менен алектенип үй-жайды жыйноо иштерин жасаймын. Ип Манга сууну ташыганга туура келчү. Ал үйдө жашашкан тургундардын бардыгы көчөдөгү жалгыз крандан суу алышаар эле. Кайсы бир ирет мындай бир окуя болду. Таң жаңыдан куланөөк салганда ошол кранга жер-жерди шимшилешип, кызарган нерсени көрсө баса калышкан кисебирлер пайда боло калып, дароо эле карапайым журттан ар бир чака үчүн 50 центтен төлөгүлө деген талапты коет. Ип Мандын чөнтөгүндө кайдагы акча? Бекер оокатка көнгөн жубарымбектерге: “ушундайыңарда кетип калгыла!” -  деп, жооп узатат Ип Ман.  
Мен дал ошол учурда базардан кайтып келаткам. Жаным кашайганынан Ип Манга жардам бергени заматта жетип бардым. Алар алты-жетөө. Колдорунда жалаңдаган бычактар жана узун таяктар.Көз-ачып жумгуча алты-жети акмакты Ип Ман жалгыз өзү сулата согуп, эстерине келтирди. Андан кийин алар качып жөнөштү. Мына ушундан тартып Ип Ман жашаган батирдин алдына, каалгасына жакын жерге жергиликтүү тургундар ар күн сайын эки чакадан суу коюп коюшчу.
Мурда Ип Манды эч ким капарына да албай келекелеп-кемсинтишчү болсо, кийин Брюс Ли америкалык “Жашыл шершень” фильминен жарк дей түшкөндө гана жер жайнаган адамдар “мени шакирт кылып алчы”деп, ага жалбарып келе башташты”.

* * *
1962-жылы Кытайда калышкан уулдары Ип Чин менен Ип Чунь Гонконгго келип, атасы менен бирге жашашты да Вин-Чунду үйрөнө башташты. Ип Ман 1972-жылы тамагынан рак болуп, акыретке аттанды. Ал, бүткүл дүйнөгө даңазалуу инсан жана уламышка айланган Брюс Линин устаты катары элдин эсинде калды.

Улуу устат Ип Ман
Улуу устат Ип Ман
Брюс Ли жана Ип Ман.
Брюс Ли жана Ип Ман
"Ип Ман" фильминен.
"Ип Ман" фильминен
Брюстун уулу Брендон Ли менен.
Брюстун уулу 
"Ип Ман" фильминен.
Брендон Ли менен.
"Ип Ман" фильминен.
Брюс Ли жана Ип Ман.
Брюс Ли жана Ип Ман.
..

 Данияр ИСАНОВ

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий