ӨЛҮМДӨН КИЙИНКИ ӨМҮР

Кошкон: 09:11:00 0 коммент.
Өмүрдү чындап сүйсөң – убакытты текке коротпо. Анткени, сенин өмүрүң жалаң убакыт деген нерседен жасалган!
БРЮС ЛИ.


Өлүмдөн кийин Өмүргө келген адамдар бар. Андай адамдарды Ажалды да арбашып жатып жеңген чыныгы даанышман жана баатыр деп атасак болот. Алар акырет сапарга аттанган күнүндө да, кудум тирүү кезиндегидей кылымдар бою адамдардын аң-сезимине, ой-санаасына кошо жуурулушуп жашай беришмекчи. Демек, муну Өлүмдөн кийинки Өмүр дейбиз!
(автордон)

Көзү тирүүсүндө эле Улуу инсанга айланган Брюс ажал менен арбашып, акка моюн сунганына туптуура кырк жылдын жүзү толду. Кырк жылдан бери өзүнүн күйөрмандарынын катары көбөйгөндөн көбөйүп, бүткүл дүйнө жүзүн кучагын аалып келет. Анткени, ал – куулук-шумдук жана курулай акыл менен эмес, айланага, көзгө урунган бардык тирүү жанга, табиятка астейдил мамиле жасаган даанышман ойчул болчу.
Брюс – кудурети күчтүү Жараткандын адамзатка берген эбегейсиз зор күчүн жер шарындагы бардык адамдарга ачык-айкын далилдей алды. Ушунусу менен ал Улуу!

* * *

Чыгыш дүйнөсү табият менен кошо камыр-жумур болуп жуурулушкан, көкүрөгү тунук бир топ Улуу инсандарды берип келген. Өлбөстүктүн ачкычын өзүлөрү менен кошо ала  жүрүшкөн Асан Кайгы,Толубай сынчы, Токтогул ырчы, кытайдын Лао Цзы, Конфуций, Бодхидхарма сыяктуу алп инсандары, Калыгул ойчул, ыр пири жылоологон Арстанбек, жети күн ырдап талбаган Жеңижок, андан бери карай табият туурасында акыл калчап азап чеккен Барпы, бала чагынан тубаса зирек Кришнамурти менен Ошо Раджниш өңдүү даанышмандар  - ар качан уламыш катары урпактарга айтылып кала бермекчи.
Ушулардын катарын толуктай турган, Улуу ойду жер үстүндөгү адамдарга айтып жеткирем деп далбас ургандардын бири - Брюс Ли болгон.

* * *

Анын баскан жолу байcалдуу, өмүрү өзүнөн кийинкилерге өрнөк. Демек, Брюсжакшы менен жаманды, арам менен адалды айра билген зирек адам. Ал, ааламды булчуң менен эмес, даанышмандык менен башкарыш керек экендигин дилинде жаземдебей түшүнгөн.
Аалам ушундай кең. Бирок, аттиң, адам-пенде ааламдын кеңдигине да батпай келет. Жер бетиндеги мерездикке, зөөкүрлүккө, кайдыгерликке, ач көздүккө, ич тардыкка, куулук-шумдукка каршы айыгышкан күрөш жүргүзүп, аны өзүнүн саналуу гана кинолору менен көрсөткөнгө жан үрөгөн Брюстун өмүрү неге мынчалык кыска болду экен?!

* * *
Баатыр адам бардык жакшы сапаттарды өзүнүн ичине батыра алат. Ошонүчүн ал баатыр. Асыл сапат демекчи, Брюс да өзүнүн боюна кайратмандыкты, даанышмандыкты батырган баатырлардан болгон.
Кылган ишине кылдат көз салып, ар күнкү баскан кадамын баамдай билген асыл сапат Брюстун жеке мүнөзүнө таандык касиеттер.
Бардык эле баатырлар сыяктуу Брюстун өлүмү көптөгөн уламыштар менен коштолуп келет. Брюстун өмүр таржымалын изилдейбиз деген бир катар аалымдар ар түркүн жоромолдорду айтышты. Бирок, аныгы алигиче далилденбеген бойдон калды. Балким, ошол далилденбей, миң-сандаган адамдардын башын катырып машакатка салып, табышмагы жандырылбай калганы үчүн ал Улуу Инсандыр!?

* **

1973-жылдын 20-июлунда кечки саат 23:30да үч миллион калкы бар Гонконг шаарын жаман кабар желдей жортуп, жер силкингендей сезим жаратты. Брюс Ли өлдү деген суук сөздү эшиткен эл эч ишенбей аң-таң болду. Ден соолугу чың, жапжаш жигит эмне үчүн ажалга жеңилип берди экендеген ойго ар бири жетеленди.
Ал эми 25-июль күнү Гонконгдо жыйырма миңдеген адамдар калаага батпай тепсендиде калышканына кайыл болуп, Брюс менен кош айтышканы агылып келе берди. Ошол эле учурда өзүлөрүндө катылуу жаткан Улуу сырды жайылтканы үчүн ата-бабалардын каргышы урду деген кептер күнчубактап олтурушкан айрым бир кытай абышкаларынын ооздорунан чыгып жатты. Брюстун өлүмү демекчи...

* **

 Бир топ жыл Америкада күн кечирип жүргөн Брюс 1965-жылдын жай айларында аялы Линда жана уулу Брендонду Гонконгго кошо ээрчите келет. Кунг-фунун Вин-Чунь багыты боюнча дасыккан чебери, устаты Ип Ман менен жолугушат. Бул жолугушууда Брюс устаты Ип Манга буга дейре толук үйрөнө албай калган Вин-Чундун айрым базаларын кинотасмага тартып калууну жана анын акысына устатына үй алып берүүнү сунуш кылат. Муну уккан Ип Ман шакирти Брюстун бул кебине аябай нааразы болуп: “Мен сенин бул өтүнүчүңдү аткара албайм. Себеби, сен менин буга дейре тарбиялап келген жөнөкөй окуучуларымдын бири эмессиң, эгер мен сенин бул өтүнүчүңдү орундата турган болсом, анда мен башкаларга эмне деп түшүндүрөм!?” – деп четке кагат. Андан соң акчадан да маанилүү нерселер бар экенин айтып Брюсту жолго салат. Аргасы түгөнгөн Брюс Ип Мандын уулу Ип Чунга кайрылып, атасын тасмага тартылууга көндүрүп бер дейт. Ип Чун: “Биз Гонконгго келгенибизге онжылдан ашты. Биз ар дайым үйдөн-үйгө көчүп, батирлерде калкалап тирилик кылып жатабыз. Албетте, бизге үй керек. Адам баласы үчүн материалдык байлыктан да жогору, акчадан да маанилүү түшүнүктөр бар. Менин атам жокчулукка баш ийбеген эрки күчтүү адам. Муну сен да жакшы билесиң, мен да жакшы билем. Демек, атам сенин айткандарыңа каршы чыккан болсо, эми мен кантип аны көндүрө алмак элем?!” – дейт. (Ип Чунь: "Манекенде иштөөнүн 116 ыкмасы". "Старт", Молдова, Кишинев. 119б. 2001ж.).
Кийинчирээк өзү ойлоп тапкан «Жит-кун-до» стили менен кинематографияда да атагы таш жарган кезинде Ип Ман - Брюс Ли туурасында эч бир жерде ооз ачкан эмес. Кыязы, кытайдын улуттук баалуулугун башка улуттарга жайылтканына ичинен нааразы болгон чыгаар?!
Брюс устатынын четке каккан бул окуясынан кийин Америкага кайтып барып, Вин-Чунь багытын өзүнүн мектебинде башкаларга үйрөтө албай тургандыгын түшүнөт. Буга дейре Америкадагы кытай “Триадасынан” Брюс Лиге улуттук баалуулуктарды башка улуттарга жайылтып жатканы үчүн бир сапар жекеме-жекеге чыгуу чакырыгын алган эле. Ошол жекеме-жеке кармашта Брюс кунг-фунун чебери Вонг Жек Мэн менен бет келип, үч мүнөттө жерге сулатат. Жеңиштен кийин Брюс кубанбастан, тескерисинче катуу өкүнөт. Эмне үчүн мушташ үч мүнөткө созулду деп жаны кейиген Брюс ошол мүнөттөн баштап мындан да ыкчам, чагылгандай сокку жасаш керек деп түшүнөт. Бул Брюстун жан дүйнөсүнө жасаган алгачкы төңкөрүшү болчу.
Адамдын ички кубаты, жасаган кыймыл-аракети эмне үчүн кудум ой сыяктуу учкул жана октой ылдам болбоого тийиш?! Ириде, мына ушуну Брюс Ли терең түшүнгөн. Анүчүн көзүң көрүп, кулагың уккан нерсенин бардыгын, дегеле табият койнуна кошо сүңгүп киришиң маанилүү экенин жаземдебей билет. Ал эми мындай кадамга барыш үчүн адам жан дүйнөсү тоосуусундай тунук болууга тийиш.
       Жасалмалуулуктан жаа бою качкан Брюс бардыгын жөнөкөйлүк менен гана багындырууга мүмкүн экенин илгиртпей баамдап, ажайып керемет искусствосу “Озуп чыккан муштумду” (“Жит-кун-до”) жаратат. Бул жаңылык Чыгыш философиясындагы чагылган сындуу ыкчам аракетти камтып, ички дүйнөнү байытууда гана турат.

* **
Брюс Ли Гонконгдогу англис мектебинде билим алып, Америкада өз өнөрү менен байлык топтой алса, Ип Ман улуттук духта тарбия алып, конфуциандык багытта көз карашы калыптанган адам болгон. Ал жокко чөкпөй, барга көппөй,жашоо кандай болсо ошондой бойдон кабыл ала билген. Брюс жашоодо байлыктан да жогору турган баалуулуктардын бар экендигине атак-даңкка жеткен күнүндө барып түшүндү. Кандай айткан күндө да Брюс бүткүл жер шарына табияттын сырдуу күчтөрүн өздөштүрүүгө ар бир адам акылуу экенин, анүчүн ыпылас ойлорду оолак ыргытып, асылдыкка умтулуу гана зарыл деп жар салып жүрүп өттү…

* * *
Анын тасмаларындагы душмандары менен болгон салгылаштар, өткүр көз карашы, көзгө илээшпеген кыймыл-аракеттери көрүүчүлөрүнүн көңүлүн жаркытып, айран-таң калтырып келет. 1972-жылы – мына-мына, жакынкы бир күндөрдө Өлүмгө бет алып Өмүргө кайтып келээрин так кесе билгениндей катуу эмгектенди. Ошонүчүн балким, акыркы тасмасын «Өлүм оюну» атагандыр!? Ырым-жырымга жакын кытай калкы бул сапар Брюска «Өлүм» деген сөздү кошпо, ал жамандыктын жышааны дегенине карабай, ушундайча атоону эп көрөт.
1973-жылдын 18-июлунда Брюс Ли жашаган үйүндө чатырга орнотулуп, терс күчтөрдөн кубалайт деген каада менен айнектен жасалган адам түспөлүндөгү буюм өзүнөн өзү кулап түшүп бычырап кетет.
Арадан эки күн өтпөй 20-июлда «Өлүм оюну» тасмасынын үстүндө иштеп жатып Раймонд Чоу жана аталган фильминдеги башкы ролдорду аткара турган айым Бетти Тинг Пейдин үйүнө үчөө бет алышат. Саат күндүзгү төрттөр чамасында Брюс башы катуу чыңалып ооруп жаткандыгын айтып даттанат. Бетти ага кадимки аспириндин катарына кирген «эквиагезика» дарысын берет. Кечки саат сегиздер чамасында Раймонд Чоу - Лезенби атту адамды тосуп алганы ресторанга жөнөйт. Дарынын таасир этпей жатканын айткан Брюс уктоочу бөлмөгө аяк таштай азга эс алып жатат. Брюс оор уйкуда жатканда акыретке аттанат.
Брюстун өлүмү туурасында азыр да ар кандай жоромолдор айтылып, бирде Бетти Тинг айым күнөөлүү делсе, бирде Гонконг «Триадасы» биркезде алып кайтарбай койгон акчалары үчүн дешет. Мындан башка айрым изилдөөчүлөр анын баңги заттарын колдонгону үчүн өлдү деген кине коюшкан. Бирлери кытайлык кунг-фу чеберлери улуу өнөрдү Батышка жайылтып, ата-бабаларынын ыйык мурасын бардыгына үйрөттү дешип кадимки жапан нинжаларын жалдашкан да, өлүмгө бир нече убакыттан соң алып келе турган «дим-мак» соккусу менен өлтүрттү дешкен. Мунун канчасы чын, канчасы төгүн, эч ким жандыра албаган табышмакка айланган бойдон калды. . .

"Өлүм оюну" фильминен.
"Каардуу муштум" фильминен.
"Ажыдаардын жолу" фильминен.
Өлүм оюну" фильминен
"."Ажыдаардын жолу" фильминен
"Ажыдаардын кайтышы" фильминен.
"Ажыдаардын кайтышы" фильминен.
"Ажыдаардын кайтышы" фильминен.
"Ажыдаардын кайтышы" фильминен.
"Каардуу муштум" фильминен.."Ажыдаардын жолу" фильминен.

Данияр ИСАНОВ ("Чагылган" китебинен)

Башталышы бул жакта

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий