Айт маарек болсун!

Кошкон: 21:38:00 0 коммент.

Айт маарек болсун! Асманды түркүксүз жараткан, эч нерсеге муктаж болбогон, пенделерин сүйгөн, кечиримдүү, ырайымдуу, бергенди жакшы көргөн, дубаларды кабыл кылган, ар бирибиздин үнүбүздү уккан, күндү чыгарып, батырган, бакыт, өмүр берген, кырсыктардан сактаган, жакшылыгын аябаган, кылганын милдет кылбаган, көзгө көрүнгөндү, көрүнбөгөндү жараткан, ачууну, таттууну жараткан, чексиз кудурет ээси Аллахка шүгүрлөр болсун! Кийинки жылдары да айт майрамдарында бири-бирибизди куттуктоо насип кылсын! Бул дүйнөдөн өтүп кеткен жакындарыбызды Аллахым рахматына алсын! Тынчтык болсун! Эч бир адам оорубасын, ооруп жаткандарга Аллах шыпаа берсин. Президенттибизге адилеттүүлүк берип, өмүрү узун болсун! Элибизде ынтымак, өлкөбөздө өнүгүү болсун!

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий