Показаны сообщения с ярлыком Сырдуу дүйнө. Показать все сообщения
Показаны сообщения с ярлыком Сырдуу дүйнө. Показать все сообщения

Япондор тууралуу кызыктар

Япониялыктар түшкү тамактануусуз 24 саат иштеше алышат. Үч күн уктабай жүрүшсө дагы, жаңы идеяларды ойлоп, аларды ишке ашырышат жана төрт күн эс алууга чыгышса, алар үчүн бир жыл дем алып калгандай болуп идеялары топтолуп калат. Жумуш иши бүтсө дагы үйлөрүнө кетпестен иштеп жүрө беришет. Бул улуттагылар сыртынан кичинекей көрүнгөнү менен күчтүү жана жөндөмдүү келишет. Алардын тили татаал болгондуктан, улуттук тилин үйрөнгөн адамдарды урматтап, сыйлашат. Башка өлкөнүн адамдары япончо саламдашып жатканын көрсө, япониянын эли үчүн чоң сыймык. Урушуп жатканда жаман сөздөр менен урушушпайт, жөн гана үнүн жоон кылып эмоция менен билдиришет. Уурулукка барган адамды катуу жазалашат. Кимде-ким метрого кол чатырын же башка буюмдарын унутуп калган болсо кайра барып алууга болот. Үйгө болобу,ооруканагабы же ресторандаргабы, кайсы жерге барышпасын бут кийимин чечип киришет. Ошондуктан дайыма жанына байпак сала жүрүшөт. Бут кийимди чечкенден кийин кайра кеткенге даярдап көчө жакты каратып эшиктин оозуна коюш керек. Эгерде муну кылышпаса уят деп эсептелинет. Шамдагай келгендиктен, алар бут кийим чечкен жана кийген жагынан алдына эч кимди чыгарбайт. Өз өлкөсүнөн башка жакка чыккандан коркушат. Бирок азыркы убакта Япониянын жаштары башка өлкөлөргө жашаганга кетип жатышат. Чет жерде жүргөндө, топ-топ болуп душмандардан коргонушат. Конокту үйлөрүнө чакырбайт. Машинаны 120 км. ылдамдыкта айдашса да айып төлөшпөйт. Анткени алардын мыйзамында буга уруксат берилген. Суу тартыш болгондуктан, бир адам жуунган сууга үй-бүлөсүнүн бардыгы жуунуп чыгышат. Баары бүткөндөн кийин кайра ал сууга кир жуушат.

Эми заряддын кереги жок

Күтүлгөндөй, келечекте смартфондор зарядды адамдын жүрөк согушунан толтуруп алат. Ал үчүн телефонго кичинекей электростанция орнотулмакчы. Ал телефонго энергияны өткөрүп турат. Мындай ыкма жаныбарларда колдонулуп жакшы жыйынтык берди. Жакынкы жылдары адамдар колдоно баштамакчы.

Кара ак куулар

Кара ак куулар эң сейрек кездешет. Алар өздөрүнө окшош бир гана балапан бастыра алышат жана эң камкор келишет.

Өлгөндөн кийин да музыка угабыз

Дене көмүлүүчү жер алдындагы табытка кабелдер аркылуу жер үстүндөгү көрүстөндүн ташы туташтырылат. Ал өз кезегинде 4G интернетке кошулган. Андыктан көз жумган адамдын туугандары ал үчүн музыканы күн сайын алмаштыра алат. Ал эми эгер киши өзүнүн табитине гана ишенсе, ал музыканы көзү барда эле алдын ала тандап койсо болот.
-Кумурскалар такыр укташпайт. Ошондуктан эмгекчил жана жалкоо эмес.
Кытай бамбугу – дүйнөдөгү эң бат өсүүчү өсүмдүк. Күнүнө 90 сантиметрге чейин өсөт.
-Дельфиндер – бир көзүн ачып, бир көзүн жумуп укташат. Кандай жакшы, уктап жатып да бардык нерсе менен кабардар болуп турасың.
-Аттар такыр жатпай 1 ай тик тура алышат. А биз бир күн да тура албайбыз.
-Орточо эсепте – бир киши өмүрүнүн 3350 саатын сакал алуу үчүн сарптайт.
–Көпөлөк – буту менен даам сезет. Ошондуктан алар башка жандыктарга зыян келтире алышпайт.
-Көк кит айбанаттардын эң чоңу жана эң тез сүзгөнү, бат чоңойгону болуп саналат. Ал бир жарым жылда 26 тонна салмакка ээ болот.
-Акча пахтадан жасалат.
-Жыландардын угуу сезими жок. Бирок туюу сезимдери абдан мыкты өөрчүгөн.
-Жирафтар сууда сүзө алышпайт. Андыктан алар сууда басып гана жүрүшөт.
Булак: Фабула 
Лев Николаевич  Толстой  гениалдуу орус жазуучусу, ойчул, ошондой эле орус тарыхына жана адабиятына зор салымын кошкон инсан. Бул адам бизге баарынан мурда жазуучу катары таанымал. Ал эми анын философиялык ой жүгүртүүлөрү, Кудай, рух, илим, сүйүү, жашоонун манызы ж.б., нерселерге болгон көз караштары тууралуу бизге анчейин деле тааныш эмес десек болот.


Жашоонун маңызы, кулк - мүнөздүн идеалы, жашоо – тиричиликтин мыйзамы жана рухий  жакырчылык,  мына ушул тематика жазуучунун чыгармачылыгын аралап өтөт. 1870 – жылдан баштап жазуучунун  өлүм, күнөө, тообо жана мамилелердин  жаңылануусу багытында эмгектери көбүрөөк жарала баштайт.

Анын стандарттан тыш  чыгармалары орус коомчулугуна такыр түшүнүксүз болгон.

Ал чиркөөдөн кетип анафемага берилген. Санаалаштары андан баш тартышкан. 1910 – жылы 81 жашында Лев Толстой «Астапов»  станциясында кетип бараткан жолдо каза болот.

Эмне үчүн улуу жазуучунун өмүрү ушундай болуп аяктады жана үйүнөн чыгып кай тарапка жол алган? Мүмкүн бул суроолорго жазуучунун кээ бир каттарынан жооп табылаар.

Чиркөө  тууралуу анын жазгандары:  
«Чиркөө туура жолду бурмалап, Исанын көрсөткөн туура жолуна каршы өмүр сүрүү  менен адамдар туура жолдо өмүр сүргөндөй кылышкан. Акырында  бутпарастардын жашоосунан да өткөн наадан күндөрдү кечирип жаткандыгы менен аяктаган. Ал эми чиркөө болсо ал нерсени актап – жактап, жада калса Исанын көрсөткөн жолу мына ушунда деп таңуулаган».

 Март, 1909 – жыл Ясная Поляна.

Мусулманга турмушка чыккан орус  Е. Векилова аттуу айым  балдары Ислам динин кабыл алуусун каалагандыктан ал Толстойдон кенеш сураган. Жазуучу мындай деп жооп берген:
«Ал эми менин Мухаммед жолубу же православбы деген тандоодо Мухаммед жолун  артык көрүп, мындай кадамды жан дилим менен кабыл алам. Бул кебим таң калычтуу болуусу мүмкүн, христиан идеалдарын жана христиан окууларын мен анын эң алгачкы түпкү нускасын гана жогору койгон адам катары, мен үчүн Мухаммед жолу өзүнүн тышкы формалары боюнча чиркөөдөн жогору тургандыгынан  эч кандай шек жок. Ошондуктан, эгерде адамдын алдында "Чиркөөнү кармануубу же Мухаммед жолунбу?" - деген тандоо турса, анда акылдуу адам, албетте, эч кандай күмөнү жок, өтө оор, түшүнүксүз Троица, күнөөлөрдү "жууп салуу", «ыйыктардын» жана алардын сүрөттөрү деген түшүнүктөрдү камтыган чиркөөнүн ордуна жалгыз Кудайды жана Анын Пайгамбарын тандайт».
 15 март, 1909 – жыл Ясная Поляна

Жазуучунун азаптуу изденүүлөрүнөн соң анын калыптанган көз карашын дагы да болсо, тагыраак көрсөткөн дагы бир катты мисал катары келтирсек:
«Эгерде силер мени менен бир динде болсоңор, бул мени абдан кубантмак. Силер менин жашоомду көрмөксүңөр. Жашоонун ийгиликтери, башкача айтканда, байлык, атак – даңк менде жок. Менин досторум, үй – бүлөм  да менден баш тартышууда... 
Либералдар жана эстеттер мени Гогол сыяктуу жинди, акылынан тайган деп ойлошсо, революционерлер жана радикалдар мистик, бийликтегилер зыян гана алып келген революционер,  христиандар мени  шайтан деп эсептешет. Албетте, мунун баары мен үчүн өтө оор… Ошондуктан мени Мухаммед жолундагы момун  катары кабыл алуунарды өтүнөм, ошондо баары жакшы болот».
http://formula.kg/ 

Пугающее селфи молодой пары появилось в сети Twitter 27 марта. На фото запечатлены муж и жена, которые стоят на фоне зеркального окна. Странность состоит в том, что в зеркале отражается лицо девушки, в то время как она стоит к нему спиной. За три дня снимок набрал больше 16,5 тысячи ретвитов.Фото, изначально появившееся на сайте 9gag.com, заставило пользователей поспорить о его подлинности. Мнения разделились: большинство считают, что снимок подвергся фотошопу, остальные склонны объяснять нестыковку мистикой. Судя по реакции пользователей, некоторых из них фото всерьез ужаснуло. Пользователь @JunkieCentric написал, что был так напуган, что не мог уснуть. Другой комментатор усмотрел сходство девушки с Волан-де-Мортом из фильма «Гарри Поттер. Философский камень». Некоторые в этой связи вспомнили о джиннах. Упоминание джиннов (демонов) встречается не только в Коране, но и в предыдущих небесных писаниях — Евангелии, Торе и т.д. В мусульманских религиозных трактатах описываются случаи женитьбы на женщинах из числа джинов. Правоведы запрещают подобные отношения с существами из другого мира, которые могут представать перед людьми в разных образах, в том числе принимать облик симпатичных женщин.