Кабыр азабы

Кошкон: 01:14:00 0 коммент.
Мен бир баланын башынан өткөн окуяны айтып берейин: Адаттагыдай эле бешим намазын өз убагын окуп бүткөн соң, жаназа намазын окууга даярдык көрүүдө, каза болгон киши мага жакын инсандардын биринин баласы болгон үчүн аны жерге берүү ишине да катыштым. Өлүктү кабырдын башына алып келишти, ошол убакта көр-коо (көр казган) киши мени бир четке чыкырып, Кечиресиз, мен азыр сизге бир нерсе айтам, бирок аны өлүктүн атасы укпасын деди да, мени кабырдын ичине түшүшүмдү суранды. Мен өлүктү коюучу жайга түшсөм, ал жакта 2 чоң жылаан жүргөн экен, ошондо сөздүн маанисин түшүндүм да, жогоруга чыктым. Каза болгон баланын атасын бир четке чыкырып, уулун кабырга өзүм коюга уруксаат алдым. Баласынын өлүмүнөн кийин өзүнө келе албай турган ата буга макул болду, бирок эмне окуя болуп жатканын билбейт эле. Мен кабырдын ичине түштүм да, жылаандарды карап мындай дедим: Билем силер Аллах Тааланын буйругу менен келдиңер. Билем силер азыр өлүктү азапка салып кыйнайсыңар. Билем буга эч ким, эч качан тоскоолдук кыла албайт жана дагы ушуну билем Аллах Тааланы ортого коюп суранган нерсеге каршылык кылбайсыңар. Сураныч азыр өлүктү кабырга коёмун, аны койгондон кийин эмне кыласыңар өзүңөр билесиңер, бирок суранам аны койуп алгыча кабырды бошотуп тургулачы дедим. Ошол убакта таң калаарлык окуя болду. Жылаандар менин көзүмө көрүнбөгөн менин жанымда турган бир тешике кирип баштады. Бутумду бираз өзүмө тартайын дедим эле, күтүлбөгөн жерден тешике толук кирип кетүүгө али үлгүрбөгөн экинчи жылаандын куйругу бут киймиме тийип кетти. Мына шумдук бут кийимдин сыртынан ааз эле сыйпап отуп кетсе да, бул жылаандын куйругу бүткүл денемди оорутуп жиберди, бир аазга отуруп калдым, себеби бутум муздап калган эле, бутумду оордунан жылдыра албай койдум. Субахан Аллах азап берүүчү периштелердин сылап өтүп кеткени ушул болсо, бир аздан кийин кабырга коюлуучу баланын акыбалы эмне болот? Оюма келген нерседен чочуп кеттим, бутумду эптеп жылдырып араң басып жогорууга чыктым. Өлүктүн жанына келдим да, көзүмдүн жашын атасынан, бутумдун ооруп жатканын ал жерде чогулгандардан жашырууга аракет кылдым. Эң коркунучтуусу азыр эле бул дүйнөгө тийешелуу болгон азапты тартканым үчүн кабырдын ичине түшкүм келбеди, бирок өлүктүн атасына сөз берип койгонум үчүн айласыздан түшүп өлүктү жерге коюп чыктым, чыгып келе жатканда жүрөгүм чыдап, кабырдын ичин дагы бир жолу карадым, Жылаан кейпинде келген азап периштелери кайрадан кабырдын ичинде пайда болгон эле. 35 жаштагы жигитти көмдүк. Кийин ал жигит жөнүндө, анын досторунан сурап билууго аракет кылдым, маалым болгондой тирүүсүндө адамдарды алдап, акчаларын тоноп, ичкилик, зына иштерин кесип кылган экен... Кабырга барарды ойлонгула! Өлүм анык, ачык! Сен каалабасан да өлөсүң! Бирок ошого даяр бололу.... Ассаламу алейкум ва рахматтуллохи ва баракатуху..

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий