Өлүм келбестен мурда...

Кошкон: 22:22:00 0 коммент.
Бир жашоодогу окуяда мындай делет:
"Бир жайда авто кырсык болгон эле. Карасам: тез жардам машинасы жана айланасында көп адамдар топтолуп туруптур.
Бир жеңил машинадан божомолдуу 25-26 жаштардагы өспүрүм жигитти чыгарып алышты.
Ал кара канга бөлөнүп жаткан эле, эзилип кеткен, буту болсо денесинен бөлөк көрүнүштө эле. Чыңырып, кыйкырып, титиреп-какшайт эле.

* * *
Бир убак ал өз акесине карады жана деди:
- Өлүштү каалабаймын. .. Мухаммад (аке)! Муҳаммад, мен намаз окубас элемго, Валлаҳи, өлүштү каалабаймын.
Коркуп жатам... Өлгүм келбей жатат!
Майып болуп калсам да мейли, шал болуп, бир өмүр жүрө албай турган болуп калсам да мейли, ыраазымын.
Али намаз окуймун. Майыптыка, шалдыка, ыраазымын. Болгону өлүштү каалабаймын! ”
Адамдар көп эле топтолуп калган, мен да ошол адамдардын арасында турат элем. Карап, көрүп турам жана ушунчалык коркуп жаткан элем. Чындыгында да оңой эмес эле, үрөй учурган көрүнүш!..
Жанагы баладан дагы эле кан агып жатат эле, эч токтобой жаткан эле. Качан гана каны түгөп, акпай калганча...

* * *
Анын өңү–түсү барган сайын көгөрүп, гезерип барат эле. Жанындагы акеси болсо жалынып-жалбарар эле:
- Иним менин, шахадат келмесин айткын, айта койгун, суранам, келме келтиргин”, - деп тынбай жалыныш менен убара эле...
Жигит болгону кыйкырат, чыңырат, өзүн жоготуп койгон, мүнөздөп болгус бир акыбалда эле. Келме келтириш ал жакта турсун, керк болсо бирер түшүнүктүү сөз айтышка да мүмкүнчүлүгү жок эле...
Бир маалда: Жаны учуп қетти окшойт, жым - жырт болуп калды. Аракет да кылбас эле. Ооба, ал өлгөн эле.

* * *
Доктурлар денесин атайы даярдалган краватка жайлап, жүзүн жабып коюшту. Кийин, жан-атырабындагы адамдарга көңүл айтышып:
- Колубуздан эч нерсе келбеди. Көп кан жоготкону жана көптөгөн сыныктары болгондугу үчүн куткарыштын мүмкүнчүлүгү болбоду, деп капалуу көрүнүштө кайраттуулук билдиришти.
Ошондо мен биринчи жолу адамдын өлүп жатканын өз көздөрүм менен көргөн элем. Ал болгону шахадат келмесин да айта албаган эле.
Өлүм күтүлбөгөндө келет. Фарз жана важибтерибизди казага калтырбаштыгыбыз, эч көңүл кош болбостугубуз керек.
Сөздүн ачыгы да ушул: качан өлүштүгүбүздү эч кайсыбыз билбейбиз.
Ошол күнү мен эч мызгыбадым, эч уктай албадым. Жаш балдардай боздоп, өңүрөп ыйлап чыктым болгону...
Чынында билет элемго, бирок мына бул сөздөр эч кулагымдан кетпес эле:
“Валлаҳи, (Аллахка касам), намаз окуймун. Өлбөйүн, албетте окуймун. Убада берем! Болгону, өлгүм келбей жатат...”

* * *
Ооба, бул орунда (каминанинг) пикирлерине орун жок. Бирок, сиз азиздерден бир гана нерсени суранам:
Ар күнү акыркы күнүңүздө жашап жаткандай ыкластуу, такыбадар пенделерден болушту өзүңүзгө максад кылың. Мына ошондо ибадаттарыңыз да каза болбойт, жана кынтыксыз аткарасыз, ИншаАллаҳ... ”

Өзбек тилинен которгон: Али Муслим.

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий