ИСЛАМ БИРӨӨ. А БУЛАР МЕНИН ДИНИМ ЭМЕС.

Кошкон: 00:50:00 0 коммент.

Мындан бир нече жыл мурун азыркы дин үйрөтүп жаткандарга карата жазылган сын макаламды чыгарып, катуу тепкиде калганым эсимде. "Мээлүүн ислам", "Американо Ислам", “Радикал ислам” деген терминдер камтылган, сын макала болчу. Кудайдын чыныгы дини жер-асманды, өлүмдү жана өмүрдү түшүндүрөт, бирок биз жашап жаткан дин күйөөсү менен аялынын, келин менен кайнененин ортосундагы чырды да чече албай жатат. Биз динге эски жана жаңы ар кандай нерселерди коштук. Ким Аллахтын китебине жаңы нерсе кошуп же кемитсе, дин жоголот. Адам кошкон же алып салган нерсеси менен жалгыз калат.



Биз өтө көп Исламды ойлоп таптык; Кыргыздын ислам, светтик ислам, евро ислам, түрктүн ислам, араптын ислам, перстин ислам, демократиялык ислам, либерал ислам. "Кудайсыз ислам" гана калды дейин десем, ал деле мурунтан эле бар. Бир адам дини жок жашайт, бирок өлгөндө биз аны ислам эрежелери менен жерге беребиз жана анын жаназасына туруп, жалган күбөлүк беребиз.

Эгер пенде Аллахтын китебине ылайык иштерди аткарбаса, анда бул - арам. Ошондой эле, Пайгамбардын (САВ) сүннөтүнө ылайык амал кылбаса, бул - макрух. Бирок азыр канджай болуп жатат, башка бирөөнүн оюна, айтканына макул болбосоңуз, динден чыгып кетесиз. "Иннамал муминуна ихватун” бизге ашыкчалык кылат, өзүбүздүн жамаатыбыз гана бизге “ихван” катары жетиштүү!?

Дин жаштар үчүн "маданият" болуп калды. Дин, секта, культ маданий таандыктык катары кабыл алынган нерсе. Чыныгы жашоодо, экономикада, саясатта, коомдук жашоодо карама - каршылык жок. Хаша, биз бул нерселерге Аллахты аралаштыргыбыз келбегени кызык да. Саясат же соода мамилелери бизди динден алыстатты. Дин дегенде ырым -жырымдарды, ритуал же бюджетиңе жараша салынган мечит. Калганы көңүлүңө жараша(!).

 

Бир жолу шаардагы окуу жайлардын биринде “Дин Таануу” сабагынан берген бир мугалим менен сүйлөшүп калдым. Ал айтат “Дин бул маданият, биз динди маданият катары окутушубуз керек. Ошентип элге сиңиришибиз керек” дейт. Ошондой эле диндердин бөлүнүшүн айтып келип, Самавий (Аллах тарабынан берилген) диндер, Ыбрахимий диндерди атап өтүп, баарында бир эле нерсе - адеп-ахлак бар. Анын ою боюнча чын-чынына келгенде бардык диндер бири -биринен анча деле айырмаланбайт экен. Башкача айтканда, кайсы бир соода борборунан кийим-кече, баш кийим же бут кийим тандагандай эле динди тандайт экенбиз. “Диндердин ортосундагы айырмачылык - бул бренд же маркадай эле айрымаланат экен. Көбүнчөсү жергиликтүү, жалпы жана улуттук деп тандайт. Дин, секта жана культтар географиялык бренддер. Негизи ирандыктар шиит, түрктөр жана Орто Азиялыктар сунниттер. Саудилер ваххабилер. Буга чейин билим берүү, медиа, саясат, укук тартиби жана коомдук мамилелер ошого жараша уюштурулган. "Самавий диндер", иудаизм, христиан жана ислам. Философиялык диндер, негизинен Азия, буддизм, индуизм, синтоизм, брахманизм ж.б. Адат боюнча, байыркы ата-бабалар асмандагы кудайына же башка нерсеге ишенишкен. Булар деле жамандык кылууга үйдөбөйт, жакшы жана сонун эрежелери бар. Буларды тандагандан эч нерсе өзгөрбөйт, чыгышта жана батышта жашагандар ошого жараша классификацияланат.” – деп сөзүн жыйынтыктады.

 

Чынында, бул андай эмес, албетте. Бирок ушул сыяктуу мугалимдер балдарыбызга эмнелерди үйрөтүп жатышат? Башталгыч мектептен баштап, жаш балдарды агностик кылышат. Андан кийин дин “маданият” деген түшүнүктү калыптандырат. Андан кийин, диндер жалпы бир эле баалуулугу бар бул "Кудай" дегенде, окуучулар "Деист" болуп калышат. Мектептерге мазхаб жана секталар жөнүндө окутулбайт. Куранды дуба китеби сыяктуу окутат. Хадистер, анын кошумча түшүндүрмөсү дешет. Акырет жана Бейиш-тозок сыяктуу темалар мультфильм же космостук тасмалар сыяктуу көп көңүл бурбайт. Мехди жана Иса пайгамбар темасы көптөгөн адамдар үчүн башка планетадан келгендер же учуучу тарелкалар сыяктуу, анча кызыктуу эмес. Жин менен Шайтан азыр да эзотерикалык темалар. Анын атын айтуунун деле кажети жок, "3 тамга" дешет, же бактысыздыкка жол бербөө үчүн манжаңызды бүгүп жыгачты таптайсыз. Жаман көздөн сактануу үчүн эшикке көз тикенек илип же колуна көк мончок тагынат. Бейиш менен тозокко келсек, Кудай (!) Баары бир "аягында" баарын кечирет, андан кийин эмне болорун билбейбиз. «Бизди отко күйгүзүп эмне кылат, эээ жөн эле жамандык кылбасын деп бизди коркутат да. Ал акыры баарыбыздын күнөөлөрүбүздү кечирет (!).

Кээ бирөөлөр реинкарнацияга, башкалары болсо башка ааламда, жаңыдан башка жандык болуп тирлүүгө ишенишет.

Айланаңызды караңыз, саясатчылар, чиновниктер, окумуштуулар жб көптөгөн адамдар Аллахка жана Акырет Күнүнө, кайыпка, тагдырына, ырыскыга, ажалга, периштелердин, жиндердин жана шайтандардын бар экенине ишенишеби?

Менимче, динден алыстоонун эң чоң себептеринин бири - бул үй -бүлө, билим жана мусулманмын дегендер жана диний уюмдар. Чындыгында биз жакшы үлгү көрсөтө алган жокпуз. Бизди көргөндөр, “ээ койчу ушуну” деп динден алыстап кетишти. "Биз" деп айтканым туура элеби? Пайгамбарлар күнөөсүз, билебиз. Бирок Юнус (АС) пайгамбар "Инни кунту миназзолимин / Биз заалымдардан болдук" деген жок беле?! Канчалык мактанабыз жана канчалык арданабыз. Бирок, биз: "Барга көппөйм / жокко чөкпөйм" дечүбүз. Биз ата-бабаларыбыз менен мактанбай турган элек. Ар эки күндүн биринде бирөө башкасын алдап кетип жатса, анда эмне үчүн өткөн менен мактануунун кереги бар? Ичи тарлар, көралбастар көп. Эмнебизге айкөлбүз дейбиз? Коомдун калың катмырын кошоматчылар түзөт. Калппы? Өтмүш - өткөндүн мурасын келечектеги урпактар үчүн сабак катары сактоо, биздин ата -бабаларыбыздын руханий мурастарын келечекке алып баруу алар үчүн - эң жакшы ыраазычылык болот.

Караңыз, өнүгүү же артта калуу таптакыр башка маселе. Жеңилген согуштун баатырлары болгондой эле, жеңилген согуштун чыккынчылары да бар. Шейхул-Ислам өз ишин туура жасабаса тозокко түшөт, эгер анын айдоочусу туура амал менен жашап өтсө бейишке кирет.

 

Ааламдарга ырайым катары жиберилген Пайгамбардын (САВ) үммөтү катары, биз жашап, көргөн учурларыбызга күбөлүккө өтөбүз. Биз "мусулман" боло алмак эмеспиз, бирок "мусулман" да боло алган жокпуз. Биз "Аль Амин" боло албадык. Биз дүйнөнүн эң кереметтүү жеринде жашайбыз, ыраазы болуунун ордуна, дайыма нааразы болдук. Жадагалса, бул жерлердин тарыхын, жер астында же үстүндө эмне бар экенин деле билбейбиз. Биз бири-бирибиз менен душмандашып жүрө беребиз. Мактанганды гана билебиз, бирок чынында өзүбүздүкүнө өзүбүз ээ эмеспиз! Биз бири -бирибиз менен алпурушуп жатабыз, бирок тышкы саясаттын, сырттан келген идеологиялардын, саясатчылардын, окумуштуулардын артынан ээрчидик.

 

Албетте, баары эле андай эмес. Ар дайым жакшы, чыныгы такыба, адеп-ахлактуу адамдар болот, бирок эки кырсык бар; Билимдүү, чынчыл жана эр жүрөк адамдарды мамлекет да,  коом да сыйлабайт жана кабыл албайт. Экинчиден, жамандар кадыр-баркка, бийликке жана байлыкка ээ. Чынында, экөө тең бир эле коомдун өкүлдөрү. Мына ошондуктан "Кахты Рижаль" мезгили (жакшы кадрлардын таңкысытыгы) башталат. Мына ошондо "мага эмне", "билгенин кылышпайбы” “мен айтсам эмне өзгөрөт” “башымды оорутуп эмне кылам” дегендер басымдуу болот. Акылсыздар,эки жүздүүлөр, алдамчылар үчүн жыргал заман башталат. Адилетсиз бийликке жана байлыкка ээ болгондордун текеберлигиндеги чек жоголуп, эч кимди көзүнө илбей калат. Биз адам атанын уулдары азыр кыйын күндөрдү баштан кечирип жатабыз. Туура чечим чыгарабыз деп үмүттөнөбүз. Болбосо, кийин азыркы күндөрдү эңсеп, кыялданып мүмкүн. Буюрса ойгонобуз жана тообого келебиз.

Жашообузду жакшыртуу үчүн бийлик менен байлыкка жетүүнү каалайбыз. Бирок бийлик менен байлык биринчи кезекте бизди өзгөртөөрүн кеч түшүндүк. Муну түшүнгөнүбүздө, кеч болуп калды.

Менимче, азыр биз кайрадан ишенимден баштап, “Хилфул фудулга” негизделген күрөштү башташыбыз керек. Анүчүн акыйдабызды, ишенимибизди кайра карап чыгышыбыз керек. Биз үй-бүлөнү, өз жаныбызды жана жаңы муунга кошо жаратылышты коргошубуз керек. Биз интеллектуалдык жана моралдык жактан өнүгүшүбүз керек. Биз адамдар менен элдешүү үчүн, акылыбызды абийирибиз менен элдештиришибиз керек. Бул эки тынчтык ишке ашсын, ошондо адамдар жаратылыш менен элдешип, жаратылыш менен болгон согуштан баш тартышы мүмкүн. Анткени бул 3 тынчтык бизди Аллах менен тынчтыкка алып барат. Болбосо, адам Кудай менен согуша берет. Ал эми Аллах менен согушкандар - алар заалымдар.

 

Баарыбызга Аллахтын тынчытыгы болсун!

 

Адилет Сыдыков, 2-август, 2021-жыл.

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий