Имам Ахмад жана Наабайчы

Кошкон: 01:02:00 0 коммент.
Имам Ахмад күндөрдүн биринде саякатка чыгат. Ал барчу жерине жете электе түн кирип калгандыктан, аны эч ким тааныбаган бир айылда туруп калат. Имам Ахмад ал айылдан кичинекей бир мечитти көрүп намазга барып, андан кийин ошол мечитке уктап алууну чечет. Уктайын дегенде алдынан мечиттин кароолчусу чыгат.

- Эй, сен эмне кылайын деп жатасың?

- Уктайын деп жатам.

- Бул жер уктоочу жай эмес! Кароолчу Имам Ахмадты тааныбады. Имам Ахмад да ким экендигин айтпады. Эгер кароолчу Имам Ахмадты тааныганда, сөзсүз аны мечитте калтырмак. Бирок Имам Ахмад өзүнүн аты, кадыры менен мактанчу эмес.

Кароолчу:

- Мечиттен чыгып кет!

Имам Ахмад:

- Бир аз уктаганга уруксат берчи.

- Жок, сен бул жерде уктабайсың! Бул жерде уктатканга бизге тыюу салынган. Чыгып кет! Кароолчу имамды мечиттен чыгарып жиберди. Имам Ахмад мечиттин дарбазасынын жанында жерге жатып уктай баштайт. Кароолчу кайрылып келип, мечиттин дарбазасынын жанында уктаганга болбостугун айтып, имамды жолдун ары жагына түртүп чыгарып салат. Ошол кезде эрте менен нан бышыруу үчүн камыр жасап жаткан наабайчы кароолчу Имам Ахмадты көрүп калат да, имамга келип, “Жүр, менин наабайканама барып эс ал. Наабайканам ысык жер. Бүгүн менин коногум болосуң” - деп, наабайканасына чакырат. Имам ордунан туруп, наабайчынын артынан жөнөйт. Наабайканага кирип, наабайчынын камыр жууруганын байкап, наабайчынын камырды ар бир ийлеген сайын "Астагфиру Ллах" деп айтып жатканын көрөт. Наабайчы да имамды тааныбайт эле. Наабайчынын ар бир кыймылына көз салып олтурган имам, ордунан туруп, “Көптөн бери ушинтесиңби”- деп сурады.

- Ооба. Көптөн бери.

- Сураган дуаңдын жемишин көрдүңбү?

- Ооба.

- Кандай жемиш?

- Мен кудайдан эмнени сурабайын, барын берип келет. Бир эле дуамды кабыл кыла элек.

- Ал кандай дуа эле?

- Мен кудайдан Ахмад ибн Ханбаль имам менен көрүшүүнү суранып келем.

- Аллаху акбар! Аллах сенин суранычыңа жооп берди. Мен Ахмад ибн Ханбалмын. Мени Аллах сенин наабайканаңа түртүп алып келип койгон Ахмад ибн Ханбалмын! 

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий