Аял жана арстан.

Кошкон: 05:51:00 0 коммент.
Бир күнү бир Аалымга бир аял келип, күйөөсү өзүнөн башканы сүйбөй турган кылып, уу чөптөрдөн дары жасап беришин сурайт. Аалым айтты: - Бисмилях! Макул, жасап берейин. - Чын элеби? - Ооба, бирок ал дарыны жасаш үчүн мага бир нерсе керек. - Эмне? - Мага тирүү арстандын жалындагы кылынан алып кел. - Мен аны кайдан табам? Тирүү арстандын жалынын кылын кантип алам? Өлүк арстандан болсо, алып келмекмин. - Жок, тирүү арстандыкын гана алып келишиң керек. - Макул, алып келгенге аракет кылам. Аял күйөөсү өзүн гана сүйөрүн аябай каалагандыктан, мергенчилерге барып айтты. - Арстандын жалынан кылды кантип алууга болот? - Арстан адамды жанына жакын жолотпойт, кылды арстандын курсагы ток кезинде гана алса болот. Аял аракет кылып көрүүнү чечет. Мергенчилерден арстандар жүрчү жерлерди билип, эт сатып алып, токойго жөнөдү. Күткөн арстандарга кезигип, эттен аз-аздан ыргытып бере баштады. Ар бир күнү ушинтип арстанга эт берүүсүн уланта берди. Арстан да аялдын курсагын тойгозгонун сезип, ага үйрөнүп калды. Экөөнүн аралыгы күндөн-күнгө жакын болуп баратты. Акыры бир күнү арстандын жанына барды. Жалын колу менен сыйпалады, арстан каршылык көрсөтпөдү. Ошол убакыттан пайдаланып, аял арстандын жалынан бир тутам кыл кесип алып, артка карай жөнөдү. Аалымдын айтканын алып келди. - Мынаке, алып келдим. - Субхан Аллах! Мага айтып берчи, кандай айла менен алып келдиң? Аял болгон окуянын баарын айтып берди. - Мен арстандын мүнөзүн, адаттарын, өзүн кантип алып жүрөөрүн, баарын үйрөнүп чыктым. Анан мен ага жакындоонун эң жакшы ыкмасын тандадым. Анда окумуштуу жылмайып, “Эми үйүңө бар да, ушул ыкманы күйөөңө колдон! Бирок ал арстандай жырткыч эмес, ал сени жебейт!”- деди.

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий