Умар Ибн Аль-Хаттаб (радиаллаху анху)

Кошкон: 8:59:00 0 коммент.
Ал – пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын экинчи халифасы. Ашара-и мубашшарадан. Хижрат болгон жылы 40 жашта эле. Алгач Исламдын душманы болгон. Пайгамбарыбызга пайгамбарлык билдирилгенден алты жыл өтүп кыркынчы киши болуп ыйманга келген. Анын Исламды кабыл кылуусу менен мусулмандар кубаттанган. Куралданып, ачык айкын хижрат кылган. Расулуллахтын келе жаткандыгы тууралуу кубанычтуу кабарды Мединадагы мусулмандарга сүйүнчүлөгөн. Ыйык согуштардын бардыгына катышты. Өтө көп эрдик көрсөттү. “Фарук” лакабын алган. Абу Бакр Сыддыктын халифа болуусуна себепчи болуп, түшүнбөстүктүн чыгып кетүүсүнө тоскоол болгон. 13-жылы Жумазил-ахир айынын 28инде шейшемби күнү халифа болуп шайланган. Көп элдерди баш ийдирген. Исламдагы адилеттикти бүткүл ааламга көрсөткөн. Хижраттын 23-жылынын акыркы айында мечитте таңкы намазды окуп жатканда Хазрети Мугира бин Шубанин кулу Абу Лулу Фируз деген капыр тарабынан бычакталып, 24 сааттан кийин көз жумган. Ал Расулуллахтын жанына жерге коюлган.
Айыптуу болгон уулуна дин талабы менен дарра согулуп жазасын берүүгө буюрат. Сахабалар канчалык жалбарышса да, дарра жазасын азайтпайт. Дарра жазасын алган уулу эстен танат. Канчалык кайгырган болсо да бул ишине өкүнбөйт. Ал көптөгөн хадиси шарифтер менен макталган. Ошол хадиси шарифтердин көпчүлүгүн Хазрети Али риваят кылган. Ири денелүү, буудай түстүү, узун бойлуу, көздөрү кызыл, мурутунун учтары сары эле. Кайгыга, ойго батканда мурутунун учтарын бүкчү. Сакал-муруту калын болуп, чекесиндегилер сейрек эле. Сол колун оң колу сыяктуу жакшы колдоно алчу. Ээрди кармабай туруп атка мине берчү. Айбаттуу, кубаттуу эле. Бирок, Расулуллахтын жанында адептүүлүгүнөн улам ушунчалык акырын сүйлөгөндүктөн Пайгамбарыбыз жылмайып: “Катуурак сүйлөсөңчү, Умар, укпай калдым”, - деп калчу. Ал Расулуллахтын кайнатасы, Хазрети Алинин күйөө баласы эле. Бани Ади уруусунан Хаттаб бин Нуфайл бин Абдул – узза бин Рабах бин Курат бин Разах бин Адий бин Каабдын тегинен чыккан.
Тирмизи, Абу Давуд жана Хаким кабар берген хадиси шарифтерде: “Аллаху таала акыйкатты Умардын тили жана жүрөгүнө жайгаштырган”, - деп айтылган.
Бухари менен Муслимде келген хадиси шарифте: “Шайтан Умардын көлөкөсүнөн качат”, - деп айтылган. Хазрети Умар умра кылуу үчүн Расулуллахтан уруксат сураганда, Пайгамбарыбыз уруксат берип: “Тууганым, дуба кылганда бизди унутпа”, - деген.
Абдуллах ибн Аббас билдирген бир хадиси шарифте: “Умар ыйман келтирген күнү Жабраил алейхиссалам келди жана периштелер бири-бирине Умардын мусулман болгондугу тууралуу айтып, сүйүнчүлөштү”, - деп айтылган.
Тирмизиде жазылган Акаба бин Амирдин риваятындагы хадиси шарифте: “Менден кийин пайгамбар келе турган болгондо, Умар бин Хаттаб пайгамбар болоор эле”, - деп айтылган. Тирмизиде жазылган дагы бир хадиси шарифте, Имам Зайнал Абидин Али атасы Хазрети Хусейнден, ал атасы Хазрети Алиден риваят кылат: “Расулуллахтын жанында отурган элем. Абу Бакр менен Умар келди. Пайгамбарыбыз аларды көрсөтүп: “Бул экөө пайгамбарлардан башка Бейиштегилердин эң улуулары”, - деп айтты”.

ADILET SYDYKOV

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий