Төрт аял

Кошкон: 02:30:00 0 коммент.
Бир бай соодагер адамдын 4 аялы болгон экен.
4-сү: Соодагер аны баарысынан көбүрөөк сүйгөн. Ага чырайлуу, кооз кийимдерди кийгизип, кымбат баалуу жасалгалар менен кооздойт эле. Ага кам көрүп, алпештеп эркелкетип турат эле.
3- сү: Соодагер аны да катуу сүйгөн. Аны менен сыймыктанып, кайсы бир ыңгайлуу учур табылаар замат досторуна көргөзгөнгө аракет кылат эле. Бирок качандыр бир убакта ал аны таштап башкага кетип калышы мүмкүн деп коркуп жүрөт.
2- аялы: Экинчи аялын да сүйгөн. Ал аялы өтө камкордуу жана дайыма сабырдуу болгон. Соодагер кайсы гана кыйынчылыктарга жолукпасын, ал аялына жардамга кайрылаар эле. Ал аялы ошол кыйын кезеңден чыдап баштан өткөргөнгө көмөк көрсөткөн.
1-си: Соодагердин биринчиси өзүнүн милдеттерин аткарган жана анын өнүгүүсүнө дайыма курбандык кылып көмөк көрсөткөн аял эле. Бирок соодагер ал аялын сүйгөн эмес. Ал аялы аны ыссык жана берилип сүйсө да, ага эң аз, эң начар көңүл бурган.
Исмайил Шамоуттун "Палестиналык 4 аял" картинасы
Бир күнү соодагер катуу ооруп жатып калды. Өлүмү жакындаганын билди. Ошондо жашап өткөргөн жашоосуна кылчактап карап ойлонуп кирди: «Азыр менин төрт аялым бар, бирок өлүм саатында жападан жалгыз калам. Эх, кантип жалгыз калам…»
       Ошондо соодагер өзүнүн 4-ү аялына айтты: «Мен сени баарысынан көбүрөөк сүйөм, баардык кооз кийимдерди кийгизип, алпештеп эркелетет элем. Мен тиги жашоомдо жалгыз калбашым үчүн мени менен бирге каласыңбы?».
«Эч качан калбайм!»-деп, андан башка бир да сөз сүйлөбөстөн кетип калды. Жооп соодагердин жүрөгүнө курч канжар сыяктуу кадалып калды.
Капа болгон соодагер 3-ү аялына кайрылып айтты: «Мен сени өмүр бою сүйүп, сага камкордук кылдым. Өлүм сааты келгенде мени менен бирге барасыңбы?». «Жок»-деп жооп кайтарды үчүнчү аялы. «Жашоо ушунчалык жыргал. Мага капа болбо, сен өлөөрүң менен башкага турмушка чыгам». Бул сөздөрдөн кийин соодагердин жүрөгү муздап онтоп жиберди.
Андан кийин соодагер 2- аялына айты: «Мен дайыма кыйынчылык убакта сага кайрылсам көмөк көрсөтөөр элең, азыр жардам бере аласыңбы, мени таштап кетпейсиңби?».
«Өкүнүчкө карай, бул жолу сага жардам бере албаймын. Менин эң чоң сага кылган көмөгүм, сени мүрзөгө чейин узатып, үрп-адат боюнча көмүү». Жооп соодагерди чагылган ургандай эле кылып, делдиреп туруп калды.
Кокустан жымжырттыктан үн чыкты: «Мен сени менен бирге барам, сен кайсы жака барсаң да мен бирге барам. Мен сени эч качан жалгыз калтырбайм». Соодагер башын көтөрүп биринчи аялын көрдү. Ал аялы туура өз убагында жеткиликтүү жебегендиктен ушунчалык арык, начар денсоолукта экен.
Ошондо соодагер кайгы-капага баткан абалда: «Менин күч кубатым болуп турганда, сага көбүрөөк көңүл бурсам болмок. Мен туура эмес кылдым. Кечир мени»-деди.
Чындыгында баарыбыз жашоодо төрт аялга ээбиз…
 4- аял-Бул биздин денебиз. Канчалык кам көрбөйлү, канчалык жалпаңдап жагынбайлы өлүм сааты келгенде таштап кетет.
3- аял- Бул биздин байлыгыбыз, дөөлөт жана мүлкүбүз. Өлүмдөн кийин булардын баарысы сөзсүз башка колдорго өтөт.
2- аял- Бул биздин үйбүлө жана досторубуз. Жашоодо алар бизге канчалык жакын болбосун, өлүм  саатында биздин жаныбызда болуп, акырет сапарына гана узата алышат.
1-аял- Бул бизге көрүү мүмкүн болбогон нерсе. Ал биздин жаныбыз. Ал дайыма биздин материялдык азгырыктарга, дүйнөнүн жыргалчылыктарынын артынан түшүүдө баркталбай калган. Ал чындыгында дайыма баардык жерде биз менен бирге болот. Өлүмдөн кийин дагы.
  Мүмкүн кач болуп кала электе ага көңүл бурушубуз керек чыгар. Чоң эсепке таяна турган болсок, бул дүйнөдө жашоо түбөлүктүү эмес…

 Которгон: Максат Айтбаев

admin

Блоггер, Журналист, Веб-дизайнер

Сыдыков Адилет Акматжанович 1994-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Атамерек айлында туулган. .

0 коммент.:

Отправить комментарий